Каныбек Иманалиев: “Эми саунадан отчет бергенибиз эле калды…”

– Каныбек Капашевич, эл аралык иштер боюнча комитеттин отурумунан демонстративно чыгып кетишиңиздин себеби эмнеде?

– Мына, менин депутат болуп келатканыма 18 жыл болуп калды окшойт. Парламент күчтүү кезинде да иштедик, алсыз кезинде да иштедик. Бирок, мурунку чакырылыштарда комитетке орчундуу маселелер боюнча премьер-министр да келчү. Мисалы, биздин эл аралык комитетке бир жылдын ичиндеги өкмөттүн отчету маселеси, же тышкы иштер министринин отчету маселеси болгондо Жантөрө Сатыбалдиев келген, Жоомарт Оторбаев келген. Аскарбек Шадиев комитеттин төрагасы болгондон кийин… Мейли, министр көп учурда маанилүү иштер менен жүрөт, же бөлөк комитет болуп калат, орун басары келсин. Бул жолкуда орун басары эмес, башкармалыктын орун басары келиптир да. А конвенция өтө маанилүү, Шанхай кызматташтыгында биргелешип экстремизмге каршы күрөшүү боюнча эле. Азыр экстремизмге каршы күрөшүү эң актуалдуу. Мен айттым, «биз колдоп беребиз, бирок, жок дегенде орун басары келсин, саясый жоопкерчиликти алсын да» дедим. «Жок, билген киши келди» дешти. Анда, «билген киши» деп юристти алып келели. Мен ошого нааразычылык катары чыгып кеттим. Комитеттин төрагысы «жок, мен министри менен сүйлөшүп, убада берип койгом» дейт. Биздин атыбыздан убада бергенге анын кандай акысы бар? Күн тартибинин башында добушка коюш керек болчу. Министр келе албайт экен, орун басары келе албайт экен, орун басарынын орун басары да келе албайт экен, анда бешинчи адам келеби? Бул парламенттин кадырын түшүрүү. Мен сыртка чыкканда бөлөк комитеттердин: транспорт, коопсуздук комитеттеринин өкүлдөрү менен жолугушуп калдым. «Бизге башкармалыктын орун басары эмес, башкармалыктын директору да келбейт» дешет. Себеби, комитет бирдиктүү болгондо маселе курч каралат, чечкиндүү да болот. Батырбеков төрага болуп турганда маселе киргизилчү да эмес. Жок дегенде министрдин орун басары келчү. Бюджет, анан талаш-тартышты жараткан мыйзам долбоору болгондо министр өзү келчү. Ансыз деле азыр парламентаризмдин канаты кыркылып атат. Жок дегенде комитеттерди күчтөп алсак, анда Жогорку Кеңештин пленардык жыйынына келгенде көп проблемалар өзүнөң-өзү чечилип калат.

– Бирок, экинчи жагынан «биз иш кылбай эле керээли-кечке депутаттарга отчет берип жүрөбүз» деген нааразычылыктар да бар эмеспи? – Бу деле иш да. Мындан өткөн кандай иш бар?

-Ар бир министрликтин эң негизги иши мыйзамды коргоо, экинчи, ошо мыйзамды аткаруу. Ал мыйзамды жанагы башкармалыктын орун басары аткарбайт да. Министрлик бүт аткарат. Же министр, же орун басары келиш керек. Мейли министр келе албай калыптыр, анын үч орун басары бар, үчөө тең ошол учурда бош эмес дегенге мен ишенбейм. Айттым го, бул парламентти сыйлабастык, дегеле тоготпостук, экинчи, комитеттин төрагасынын туура эмес позициясы. Аны бизге айтпай эле күн тартибинен алышы керек болчу. Биз кийинки чакырылыштагы депутаттарга жакшы салт калтырып кетишибз керек да, Дооронбек аке сыяктуу. Ал бир да партияга мүчө болгон эмес, бирок, кайсы жерде болсо да калыстыкты айткан. Аны бийлик да сыйлаган, оппозиция да сыйлаган. А биз эмне салт калтыра алабыз? Андай болсо эртең саунадан отчет алалы, кафеден отчет алалы. Мамлекеттүүлүк эмне болот?

Булак: “Азия Ньюс”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу