КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ: “ПРЕЗИДЕНТТИККЕ ЧЫНЫГЫ ТАЛАПКЕР КАТАРЫ ОТЧЁТ БЕРДИҢИЗ”

“Былтыркы жылда берген отчётко караганда бүгүн даярданып келипсиз”,-деди депутат Каныбек Иманалиев ЖКнын жыйынында премьер-министр Сооронбай Жээнбековго кайрылып.

Айтымында, өкмөт башчынын бардык тармак боюнча маалыматы бар экен.

“Экономикалык багытыбыз кандай болот ушул боюнча ойлонуубуз керек. Грузиядай рыноктук-либералдык жолду тандап алабызбы же Россиядай кетебизби? Кыргызстанды өнүктүрө турган 2 чоң күч бар: инвесторлор жана ички ишкерлер. Экономиканы саясаттан көз каранды кылып койдук”,-деди ал.

Ошондой эле эл өкүлү өкмөт башчыны мактап өттү.

“Бүгүн сиз президенттикке чыныгы талапкердей отчёт бердиңиз. Ошондуктан айрымдары ашыра мактап жиберип жатышат. Азыр эле добуш берип салбайлыбы дешүүдө. Биз сизди эрте мактап эрте тайгалантып албайлы”,-деди Иманалиев.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу