Каныбек Иманалиев мыкты сүйлөп, олтургандардын оозун ачырды (видео)

Кечээ, 4-декабрда Жогорку Кеңеште “Манас” эпосунун күнүнө, манасчылар Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдыгына, Жусуп Мамайдын 100 жылдыгына жана Шаабай Азизовдун 90 жылдыгына арналган “Манас – кыргыз рухунун туу чокусу” аттуу илимий-практикалык конференция өтүп жатат.

Конференциянын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев жөнөкөй окурман катары “Манас” эпосунун башка эпостордон айырмаланган өзгөчөлүктөрүн тизмектеп берди.

Эл өкүлүнүн айтымында, дүйнө жүзүндө 7 миңдей улут болсо алардын жыйырмасында гана эпос жаралган. Бирок ошол 20 эпостун 19у тирүү эпос эмес. Аны айткандар же жазгандар ошол доор менен калып калган. Ал эми “Манас” эпосу бүгүн да айтылып келе жатат. Эпостун дагы бир өзгөчөлүгү анын көп варинаттуулугунда. Улутук илимдер академиясында 70 варианты бар. “Залкар манасчы Саякбай Каралаев 3 күн, 3 түн айткан деп келебиз. Бирок өз убагында Шлапштейн аттуу немец сүрөтчүсү С.Каралаевге жолугуп, канча Манас айттыңыз дегенде, ал 21 күн Манас айттым деп куштарланып жооп бериптир. Ошондой эле белгилүү музыка таануучуВиноградовС.Каралаевдин “Манасында” 28 кыраат бар экенин, анын укмуштуудай музыкалуу экенин белгилеген. Ал эми эпосто 547 географиялык аталыш бар”,- дейт депутат К.Иманалиев.

Эл өкүлү өз баяндамасында “Манас” эпосун бир гана адабият айдыңында кароого болбостугун, анда тарых, дин, этнопедагогика, астраномия, улуттук медицина, улуттук армия, тышкы саясат, төкмөчүлүк, мамлекеттик башкаруунун ыкмалары бар экендигин, андыктан “Манасты” кеңири кароого чакырды. Депутат Каныбек Иманалиевдинбелгилөөсүндө “Манас” эпосунда историзм дагы таамай чагылдырылган, анда Хун, Байыркы Түрк, Түргөш, Кыргыз каганаттары болуп жети тарыхый доор чагылдырылган. “Эпосубузда мамлекеттүүлүктүн толук белгилери бар. Андыктан, Манас” эпосу качан жаралса, ошондон бери эгемен элбиз”,- деген К.Иманалиев “Манас” эпосу дүйнө жүзү боюнча жападан жалгыз мыйзам менен корголгон эпос экендигин кошумчалады.

Булак: Чындык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу