Каныбек Иманалиев: «Гүл берип жакшылап узатып койбойт белек?!»

Кечээ, 20-декабрда парламенттик жалпы жыйында Жогорку Кеңештин вице-спикери Асел Кодуранованы кызматынан чакыртып алуу маселеси каралды.

Талкууда «Ата-Мекен» фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев бул маселени фракциялык деңгээлде эле чечүү керектигин айтты.

«Министрдин орун басарларын жөн эле кызматтан кетирип жатпайсыңарбы?! Ошону ушул жерден көрсөтүп, вице-спикерлик кызматтан алып коё бербейсиңерби. Фракция чоң жыйынга алып чыкпай өз ара эле чечишип алсаңар жакшы болмок. Кызматка келерде мактап алып келебиз да кетерде оозубуздан бир жакшы сөз чыкпайт. Дастан Артисбекович, Асел Союзбековнага жакшынакай гүл берип, акырын эле узатып койсо болбойт беле? Асел Союзбековна, башты көтөрүп жүрүңүз. Мына Алтынай Өмүрбекованы кетирдик эле бактысы бар экен вице-премьер-министр болду. Сиз дагы бир жакшы кызматка барып каларсыз», — деди эл өкүлү.
Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу