Каныбек Иманалиев, «Ата Мекен» фракциясынан ЖК депутаты: «Акыркы төрт-беш жылда алынган кредиттер оңбогондой желип кетти»

Ушу тапта коомчулукта эки негизги тема талкууда. Бири — мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ал башкарган маалда сырттан карыздар туура алынганы, экономика өнүгүп, жакшы иштер жасалганы тууралуу айткан кагаз түрүндөгү билдирүүсү. Экинчиси, түрк бийлигинин Кыргызстанга койгон талаптары: «Сапат» мектептерин жабуу жана ФЕТО уюмуна мүчө делген 130 кишинин тизмесин берип, аларды түрк тарапка өткөрүп берүү. Бул эки маселе боюнча кыргыз саясатчылары ар кандай пикирде. Биз Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевдин пикирин уктук.

«Түрк саясатчыларынын кармашы биздин билим тармагыбызга таасир этпеши керек»

— Түркия — биздин саясатта приоритеттүү өлкөлөрдүн бири. Биз кызматташуубуз керек. Эрдогандын визити эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге көтөрдү деп ойлойм. Бирок, биздин өлкөгө койгон талаптары жети өлчөнүп, бир кесиле турган маселе. Айрыкча билим бе­рүү маселеси жөн салды маселе эмес, жакынкы 50-100 жылга мамлекеттин өнүгүү стратегиясынын өзөгү. Демек, өтө кылдат карашыбыз керек. Бизге чет өлкөлүктөр келип, «мектеп салып берем» десе колдойбуз, бирок, алар кыргыз мамлекетинин мыйзамдарына баш ийип, кыргыз улутуна кызмат өтөшү абзел. «Сапатпы», «Маариф» болобу, кыргыз тили, адабияты, кыргыз тарыхы жаңы методика менен окутулуусу зарыл. Дүйнө глобализациясы илим-билим, инновациянын заманбап шарттарын талап кылып жатат. Балдарыбыз нанотехнология, IT технологиясына өтүп, биз да дүйнөгө аралашуубуз керек. Жаман эмес, билим жагынан артта эмеспиз. Менимче, акыркы беш жылда «Сапат» мектептери олимпиадалардын жеңүүчүлөрүн чыгарып жатат. Кыргызстандагы таасирдүү мектептердин алдыңкы сабында. Дүйнөдө саясатчылар бири-бири менен достошуп, кайра соттошо беришет. Түркиядагы азыркы кармашып жаткан саясатчылар бир учурда дос болушкан. Азыркы учурду убактылуу көрүнүш катары баалайм.

«Соңку убактагы кредиттер бейчеки пайдаланылды»

— Чын эле 2010-жылдан кийин Кыргыз­стан тышкы карызды өтө көп алды. Мурун бир жылда 50-70 миллион доллар кредиттик жардам келсе, чоң жаңылык болчу. 2010-жылдан 2015-жылга чейин жумасына, айына 100 миллион доллардан карыз алып жаттык. Бул биринчиден, Кыргыз­стан парламенттик жолду тандап алгандыгы үчүн тышкы дүйнөнүн бизге болгон жардамы. Айрыкча дүйнөлүк институттар: Азия өнүктүрүү банкынан, Европа өнүктүрүү банкынан, Дүйнөлүк банктан, Катар фондусунан, анан экономикабыздын негизги инвестору Кытай «Эксимбанкынан» ж.б. көп суммадагы карыздарды алдык. Көп карыз алганда эмес, аны максаттуу пайдаланганда. Туура, инф­раструктурага 100 миллиондогон долларлар керек. Жолдор, энергетика, аэро­порт тармагы жакшырмайын, экономика өнүкпөйт. Ошон үчүн кредит алыш керек болот. Бирок, ошол алынган кредиттер туура жумшалышы зарыл. Атамбаевдин маалында алынган кредиттер бейчеки пайдаланылды. Ага аткаруучу органдар түздөн-түз күнөөлүү, парламенттин да күнөөсү бар. Биз көзөмөлдөй алган жокпуз. Бирок, биз адис эмеспиз. Мисалы, аз акчага алда канча оптималдуу ТЭЦ курса болмок экен. Россиядан алган 37 миллион долларды «жогорку Нарын каскадына жумшалды» дешти. Азыр иштебей турат. Барып керген киши ал жерге 37 миллион доллар жумшалганына ишенбейт, чалкасынан кетет. Оңбогондой суммаларды жеп кетишти. Кыргызстанда буга чейин деле уурулар болуп келген. Тендерден, энергетикадан, жолдордон, бажыдан жешкен. Бирок, кредит алып жеген мындай учур болбосо керек. Акыркы 3-5 жыл­да сырттан карыз алып, керекке жумшабай, бөлүп алышкан адат эбегейсиз күч алганын эч ким тана албайт.

«Китебимдин сапары жигердүү баратат»

— 12 жылдан бери шериктеш мамлекеттердин алкагында «Китеп маданияты» сынагы өткөрүлүп келет. 7-сентябрда Москвадагы эл аралык китеп жармаңкесинин алкагында Россия, Беларусь жана Кыргызстан өлкөлөрүнө «шериктештик» номинациясында үч сыйлык ыйгарылды. Анын ичинде бири менин «Кыргыздар» китебиме берилди. Жупуну сыйлык, би­рок, кубанычтуу окуя болду. Бул китебим 2002-жылы жарык көргөн. Ошондо эле Бүткүл дүйнөлүк банк мектептерге кошумча хрестоматия катары сатып алган. 2004-жылы англис тилинде жарык көрдү. Мазмуну — кыргыз элинин тарыхы, көп улуттуу Кыргызстандын кооз табияты, жаратылыш байлыктары даңазаланат. Бала кезден Расул Гамзатовдун «Мой Дагестан» китебин далай окуп чоңойдук. Чынында улуу чыгарма. Кичинекей айылы аркылуу Дагестанды дүйнөгө даңаза кылган. Ошол чыгармадан шыктанып жазган китебим. Кандай деңгээлде жазылды, албетте, эл баа берет. Мага дем бергени — китебим­дин бир нече тилдерге которулуп, басыльш жаткандыгы. Беш жолу орус тилинде, төрт ирет англис тилинде, кытай, немец тилдеринде жарык көрдү. Буюрса, быйыл түрк, азербайжан, араб тилдеринде которулуп, жарык көргөнү турат. Китептин сапары жигердүү баратат буюрса.

Динар ТУРДУГУЛОВА

Булак: «Азия Ньюс»

 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу