КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ: “АЗЫРКЫ МЫЙЗАМ УЧУРДАГЫ ПРЕЗИДЕНТКЕ КЕРЕГИ ДЕЛЕ ЖОК”

Текебаев боюнча 7 жолу сот чечими чыкты, жетөө тең заводдон чыккан товардай бири-бирине окшош. Бул тууралуу депутат Каныбек Иманалиев ЖКнын жыйынында билдирди. Айтымында Текебаевдин сотунда жактоочу  Хасановдун эки соттук процесси бир убакка, саат 14:00гө коюлган.

“Өмүрбек Текебаевдин сот процесси бар болчу, аны менен катар эле Свердлов, райондук сотунда соттук отуруму бар болчу экен. Ал жакка барса Текебаевдин сотуна катыш, биз бүгүнкү сотту башка күнгө жылдырдык дептир. Ушул сот системасынын көз каранды эместигиби?”-деди депутат.

Ошондой эле эл өкүлү азыркы мыйзам учурдагы президентке кереги деле жок экенин билдирди.

“Себеби 3 айдан кийин мөөнөтү бүтөт. Сотту президент дайындайт жана бошотот. Соттордун шайланышынын, жумуштан кетишинин баарын президентке байлап койдуңар. Мындай учурда эч убакта эркин сот системасы болбойт”,-деди Иманалиев.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу