Канттын өлчөмүн бир күндө калыбына келтирүүчү элдик каражаттар…

Кант диабетинен кыйналып жүргөн адамдарга дары ичпей канттын өлчөмүн калыбына келтирген элдик дары-дарымектер бар.

Диабет – канда кант өлчөмүнүн көбөйүп кетүүсүнөн пайда болгон дарт. Бул оору менен жашы да, карысы да ооруйт. Өзгөчө жаш өспүрүм кездеги диабет оорусу өтө оор болот.

Кант диабетинин белгилери:

суусагандык (оорулуу күнүнө 3-5 л, андан да көп суу ичүүсү мүмкүн);

кичи дааратка тез-тезден баруу (күндүз да, түндө да);

Ооздун кургашы;

алсыздык;

табиттин күчтүү болушу;

теринин кычышуусу ;

уйкунун канбай калуусу;

уйкудан чарчап туруу;

жаранын узак убакыт айыкпоосу;

тез ашыкча салмактан арылуу же өтө көп салмак кошуу.

Ушундай белгилерди байкасаңыз, дароо дарыгерге барып текшерүүдөн өтүңүз. Оорунун күчөп кетүүсүнө жол бербеңиз.

Элдик медицинадан кеңештер:

Күндө жашылча жемиштен даярдалган салат жегенди адатка айлантыңыз. Салатка 1 чай кашык горчица же корчица майын аралаштырууну унутпаңыз.

200 гр. емен жаңгагын кабыгынан тазалап, жакшылап кургатыңыз. Андан кийин жакшылап майдалап алып, тамактануунун алдында 1 чай кашыктан жеп туруңуз.

100 мл кайнаган сууга 5 даана кургатылган лавр жалбырагын салып, оозун жаап коюңуз. Бир күндөн кийин тунманы сүзүп алып, 50 грамдан ичесиз. Аны тамактанууга 20 мүнөт мурун кабыл алыңыз.

Грек жаңгагыныг жалбырагын терип алып кургатыңыз. Аябай жакшы кургагандан кийин майдалап аласыз. Анын 2 аш кашыгын 1 литр сууга салып, тундуруп коюңуз. Болжол менен 1 сааттан кийин тунманы сүзүп алып, жарым стакандан күнүнө 3 жолу ичесиз.

5 даана көк пияздын башын майдалап турайсыз. Ага 1 литр кайнаган жылуу суу куюп, тундуруп коёсуз. 12 сааттан кийин тунманы сүзүп алып, тамактанардын алдында 4 аш кашык ичиңиз. дарыны күнүнө 2 жолу кайталаш керек.

1 даана чийки жумуртканы жарып идишке саласыз. Үстүнө 1 даана лимон ширесин кошуңуз. Андан кийин жакшылап чалып алып, ач карынга ичесиз. Андан кийин 1 саатка чейин эч нерсе ичип-жегенге болбойт. Бул дары канттын өлчөмүн 3-5 күнгө чейин бир калпта кармап турат.

1/2 стакан сулуунун үстүнө 3 стакан кайнаган суу куюп, идиши менен ысык сууга саласыз. 15 мүнөттөн кийин тунманы сүзүп алып, 1/2 стакандан күнунө 3-4 жолу ичесиз. Дарыны тамактын алдында жасоо кажет. Эмделүү убактысы – 30 күн.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу