Канткенде капчык калыңдайт?..

«Акчага кызмат кылбай аны башкаруу керек!»
(Уинстон Черчилль)

Дүйнө жүзүн кымбатчылык, каатчылык каптап улам-улам кризис бир кадамга жакындап келе жаткан сайын баарыбызды ойлонткон жана түйшөлткөн нерсе — акча. Акча табуу жакшы жашоого, кыялдарды орундатууга, элден калбоого болгон аракет. Бирок ошол эмгек менен тапкан кирешени кантип туура пайдалануу керектигин, өзгөчө кожойкелерди сарамжалдуулукка үндөгөн психологиялык көндүмдөр сизге арналат.

Сарамжалдоо жолдору:

1.Милдеттүү түрдө киреше жана чыгашаларыңызды так жазып турууга блокнот ачып алыңыз. Бул сизге мурунку жолу максатсыз, ашыкча коротуп алган суммаңызды эскертип турат.

2. Сөзсүз түрдө пландап иш кылыңыз. Мисалы, тие турган айлыгыңыздын суммасын алдын ала жазып, аны ай бою кандай жактарга жумшоо жана алар канча сомго чейин болушу керек экендигин болжолдоп чечип алганыңыз оң. «Качан акча болгондо ошондо ойлоноюн» десеңиз жаңылышасыз. Статистика боюнча лоторея билетинен чоң сумма утуп алгандар тез эле пайдасыз жактарга жоготуп алышат экен. Кандай учур болбосун алдыңызда конкреттүү максат болбосо акчаңыздын үнөмү азаят.

3. Айлык акы алган же башка булактардан чоң суммадагы акча колуңузга тийген күнү сабырыңызды ичке кармап эч кандай соода-сатык ишине барбаңыз. Антпесе, капчыктагы көп сумманын эйфориясы менен өтө муктаж эмес, же кымбат баалуу бир нерселерди сатып алып планыңыздан четтеп кетесиз.

4. Маяна акыңыз тийген сайын «эч нерсеге» же болбосо «кара күндөргө» дейбизби, айтор белгилүү бир сумманы жок, белгисиз катары катып туруңуз жана ал ай санап көбөйүүгө тийиш. Бир сыр — ашыкча капчык тууралуу сизден бөлөк эч ким билбөөсү керек.

5. Көчөдөн капысынан «арзандатуу 50%, 70%» деген сыяктуу жарнагы бар дүкөндөрдү көрсөңүз баш бакпаңыз. Мындай амал менен соодагерлер сизге чыгымдан бөлөк эч нерсе алып келбейт. Өзүнүн сатылчу баасы 500 сомдук буюмду 1000 сом деп жазып туруп, арзандатуу менен 600 же 500 сом болот десе сүйүнүп алып алууңуз ыктымал. Бирок бул жерден сиз жеңилесиз.

6.Ар бир аялзатынын капчыгында «ушул мага керекпи?» деген фраза жазылып турганы дурус. Бул ыкма менен сиз ар кандай соода ишин кылып жатканда капчыкты ачып окуганыңызда, ошол убакта укмуш жагып, алгыңыз келип жаткан нерсе чындап зарылбы же жокпу так ойлонуп, каражатыңызды сарамжалдай аласыз.

7. Акчаңызды ири купюра бойдон майдалатпай сактасаңыз жакшы жыйынтык берет. Анткени болор болбос нерселерди сатып алууда 5000 сомдукту сууруп чыккыңыз келбей ашыкча чыгымдан кутуласыз.

8. Кошумча киреше булагын издеңиз. Ал сизге ашыктык кылбайт.

9.Кредит же үстөк кошулуучу акча алуудан качыңыз. Ал сизге болуп көрбөгөндөй чыгым жана түйшөлүүнү алып келет. Жакшысы карызга гана ала турганыңыз оң.

10. Эгер сиз карыз бере турган болсоңуз өзүңүздүн кызыкчылыгыңыз үчүн ал адамдан берген акчаңыздан үч эсе чоң күрөөгө бир нерсе алып койсоңуз кайтарымы ошончо бат болот.

Акча тууралуу кантип туура ойлонуу керек?

Сиздин акчага болгон эмоционалдык мамилеңиз маанилүү болгону менен жеңил ойлуулукка түртүп коюшу ыктымал.
Ар убак акча жетишсиз болгон адамдарга акчалуу адамдар жек көрүндүгө айланат. Андыктан коркуу, кыжаалаттануу, көрө албастык, таарынуу сыяктуу терс сапаттардын ээси сиз болуп калбашыңыз үчүн аларга баа берүүнү үйрөнүңүз.
Азырынча ишке ашуусуна көзүңүз жетпей турган ири сумма талап кылынуучу идеяңыздын тегерегинде тынчсыздана берүү керек эмес. Тек гана кантип жолго коюунун жолун издениңиз.
Кендирди кескен каражаттын жоктугу кимди гана болсо ойлондурбай койбойт. Бирок «жок» же «алган акчам карыздарыман ашпайт», «качан көп акчалуу болор экенмин» деп өзүңүзгө да, Жаратканга да нааразы боло берүүнү токтотуңуз.
Медициналык изилдөөлөрдүн негизине таянсак «акчаны кантип табам» деп асан кайгы болуп ойлоно берген адамдар күнүгө ден соолугунун начарлашына 5% салым кошо берет экен. Ал эми аз дагы болсо «каражатымды кандай башкарам, ар убак чөнтөгүмдө акча болуп туруусу үчүн капчык тартибин кандайча түзөм» деп ойлонгондор картаюудан алыс болушат дешет.

Акчанын сиз менен дос болушу үчүн ырым-жырымдар

— Дүйшөмбү күнү эч кимге карыз бербөөгө аракет кылыңыз. Акча биротоло жугумсуз болуп кетип калат.
— Кечкисин бирөөгө акча берүүдө колуна бербестен жерге же столдун үстүнө таштап беришиңиз керек.
— Соода-сатык кылганда колмо-кол акча берүүдө бирөөнүн жаман энергиясы өтүп кетүүсү мүмкүн.
— Карызыңызды эртең менен төлөгөнүңүз жакшы.
— Акчаны түз жана бетиндеги сүрөттөр бир кылка өзүңүздү карап тургандай кылып сактоо керек.
— Капчыкта көп акча ар убак болуп турсун десеңиз акча салган баштыкчаңызга осина өсүмдүгүнүн жалбырагын кошуп салып алыңыз.
— Акчалар менен бирге алтын же баалуу буюмуңузду кошо бир аз убакытка сактап койсоңуз көп суммадагы каражат келиши ыктымал.
— Эгер бирөөгө акча капчыгын белекке бергени жатсаңыз эч убакта бош болбошу үчүн сөзсүз ага тыйын же акча бирдигин салып койгонуңуз жакшы.
— Үйгө ар убак акча агып келип туруусу үчүн ар бир бурчка тыйын таштап коюңуз жана ага таптакыр тийбеңиз.
— Үйүңүздөгү акчаларды чыгыш же түндүк-чыгыш тарапка атайын конвертте же кызыл өңдөгү баштыкчага салып сактаңыз.
— «Акча багы» деп аталган гүлдү өстүрүп аны дагы ар убак түндүк-чыгышты караган терезеге койуп койунуз. Эгер ал жакшы өссө сиздин туруктуу үй-бүлөлүк кирешеңиз бар экендигин туюнтат.
— Колуңуздагы акчаларды ар убак санап туруңуз. Анткени пул санакты жакшы көрөт.
— Соода кылууда ар дайым капчыкта акча калуусу керек. Ал сизге кийинки кирешени чакырып берет.
— Чыгаша чыгып кетпеши үчүн шыпыргыны тигинен коюп койсоңуз болот.
— Акчанын үйү болууга тийиш. Ал капчык. Сиз аны тандоодо өңүнө, тыкандыгына көп көңүл буруңуз. Анын ичине пулуңуздан бөлөк эч нерсе салбаңыз. Айрыкча акчаны чакыруучу жана сүйүүчү кызыл өңдү тандасаңыз жаңылбайсыз.

Булак: lady.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу