Кантип Атамбаев Кытайга болгон карызды 6-7 эсе көбөйткөн?

Өлкөдө кытайларга каршы күчтөр күч алды. Учурда кызуу алган күч улам алоолонуп баратканын кечээки митингден кийин көрдүк. Баарынан оозду ачырганы митигдин демөөрчүсү болуп экс-президент Алмазбек Атамбаев экендиги айтылып жатканында. Митингчилердин негизги койгон талабы — Кытайдан эч кандай акча жана кредит же болбосо инвестиция албоо болуп саналып жатат. «Кытайдан карыз алгандарды жазалоо», «Кытайдан алган насыя жоголсун!» деген ураан менен көчөгө чыкканга мажбур болгондор Атамбаевдин азыркы бийликке каршы болуп, аларды чыгарып жатканын билишеби деген суроо жаралбай койбойт. Экс-президент өзү баарын жасап алып, анан калганын азыркы бийликке жүктөгөнү эмнени билдирет? АШАнын бул кылганы чыккынчылык.
Эч ким сыр деле эмес Атамбаевдин бийлиги учурунда өлкөбүз Кытай тарапка  6-7 эсе карызыбыз көбөйгөн?!
Бул маалымат расмий статистикада айтылат.
2009-жылы КРнын коңшу эле өлкөлөргө болгон карызы 46,79 млн долларды түзгөн. Ал эми 2010-жылы бул сумма 150,95 млн АКШ доллары болсо, 2011-жылы — 272,63 млн америка долларына жеткен.
Мына ушундай так сандар менен Атамбаевге саясат доору келип түшкөн.
Бирок, биз андан ары эмнени көрүп жатабыз? 2012-жылы аз гана убакыт ичинде сумма 527,47 млн долларды түзөт. 2013-жылы болсо — 758,43 млн долларга жетсе, 2014-жылы аталган сумма 1 млрд 115,89 млн долларга жеткен.
Асман чапчыган биздин Кытайга болгон карызыбыз 2015-жылы 1 млрд 296,40 млн долларга жеткен.
Ал эми карызыбыз 2016-жылы — 1 млрд 482,83 млн доллар болсо, 2017-жыл карыздын өлөмү 2 миллиардды чапчыган, тагыраагы – 1 млрд 701,24 млн долларды түздү…
Мындан улам, булардын баарына ким күнөөлүү деген суроо пайда болот. Логикалык жактан алып караганда, баарына Алмазбек Атамбаевдин эле ысымы келет. Бирок, ал «уурдалган» акчалары менен элди «сатып алып», «ууруну карма» деп чыгып жатабы?

Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу