Кандай салам айтсаң, ошондой алик аласың деген ушу

“Атамбаевсиз КСДП” деген ураан айтылганда эч ким Сагынбек Абдрахманов мынчалык деңгээлге жетерине ишенген эмес. Азыр бул ураан кыймылга айланып, чоң кулачын жайганы чындык. Атамбаевдин айласын алып жатканын эч ким тана албайт. Ал тургай бул кыймылдын башындагылар КСДПнын мөөрүн Атамбаевден тапшырып берүүсүн талап кылып баштады. Бишкек шаарында “Атамбаевсиз КСДП” жыйынын өткөргөндө катуу ызы-чуу болбоду беле. Атамбаевдин ишенген адамдары ошол жыйынга барып чуу салганга аракетин көрүшкөн. Ошондон көп өтпөй Атамбаевге жакын делген 2–3 жигит “Атамбаевсиз КСДП” кыймылынын лидери Сагынбек Абдрахмановго келип “Сашка брат, сизди Алмаз Шаршенович жолугууга чакырып жатат. Жолугушуп сүйлөшпөйсүзбү… Ушул ишиңизди токтотсоңуз жакшы болот эле…” деп чакырууну алып келишет. Сашка браты “Чакырууну жөнөткөн кишиңерге менден салам айтып койгула. Мен ал кишинин алдына неге бармак элем?! Алгач КСДПнын мөөрүн өз ыктыяры менен тапшырып берсин. Андан кийин жолугууга барып сүйлөшөм” деп узатыптыр. Келме кезек деген ушу да.

Булак: «Жаңы Ордо»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу