Кандай адамдар өздөрүн бактылуу сезишет?

Дени сак өмүр салтын сактанып, физикалык жактан чыныккан жана маданиятты жогорку орунга койгон адамдар өздөрүн бактылуу сезет экен. Бул тууралуу изилдөө жүргүзгөн Ноттингем Трент университетинин окумуштуулары маалымдашты.

Изилдөөчүлөр он миңден ашык адамга сурамжылоо жүргүзүп, өз корутундуларын чыгарган. Натыйжасында спорт менен машыккан, көп театрлар менен музейлерге барып турган адамдар өздөрүн жашоодо бактылуу сезишерин айтышкан. Ошондой эле, түрдүү музыкалык аспаптарда ойногон адамдар да жашоолоруна ыраазы экенин жашырышкан эмес.

Университетин изилдөөчүлөрү бакыттын ачкычы- дени сак өмүр салтын сактанууда деген жыйынтыкка келип жатышат. Ал эми дени сак өмүр салтын сактануу- кыймыл-аракетин активдүүлүгү, туура тамактануу, түрлүү ооруларды алдын алуу менен зыяндуу адаттардан алыс болуудан турат.

БУЛАК: zaman.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу