Канат Хасанов, адвокат: «Суракматов катачылыктапды моюнга алганды билет, мактоого арзыйт!»

31-июлда Суракматов мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча экзамен тапшырып чыккандан кийин шаар коомчулугу бул адамдын өзүнө таандык мааниге ээ сапаты бардыгын билди. Камеранын алдында журналисттердин кычык суроолоруна жооп берип жатып, бул Бишкек шаарынын мэрлик кызматына көбүрөөк мүмкүнчүлүгү бар талапкер «Елизавета» курулуш компаниясына карата өзүнүн мамилеси үчүн кызыкчылыктардын конфликтиси бар экенин мойнуна алды. Ал тайсалдап, же жалтаңдап калган жок, журналисттерге баары кандай болсо, ошондой айтты. «Елизавета» компаниясын Суракматовдун атасы негиздеген, ал компания архитектура жана курулуш сферасында 50 жылдан ашуун убакыттан бери иштеп келет. Өзү болсо, акыл-эске толгондон бери карай куруу, жабдуу, оңдоо стихиясында жашап келет. Коомчулуктун «шаарды «курулушчунун» колуна тапшыруу «коркунучтуу» деген чоочулоосун Суракматов да эң сонун түшүнөөрүн, андыктан ал бул кырдаалдан өзүнүн бизнесин токтотууга чейин бара аларын сунуштады. «Бирок, сиздер түшүнүшүңүздөр керек, бул жамаатта 100дөн ашуун адам иштейт жана аларга «Бар, көчөгө чыгыңыздар» деп айтууга туура келет. Ал жакта иштеген профессионалдар командасы менен эмне кылуу керек, муну шайлоодон кийин ойлонуу зарыл», — дейт Суракматов. Ошентип Суракматовдун коомдук «рентгенге» туш болгону, тагыраак айтсак, анын инсандык сапаттары социалдык түйүндөрдөгү талкуулардын куралы болду. Өзүнүн бетке чабарлыгы менен айырмаланган адвокат Канат Хасанов «Фейсбуктагы» баракчасына Суракматовдун сүйлөгөндөрү ага өтө жакканын жазып чыкты. «Ал кызыкчылыктардын конфликтиси бардыгын моюнга алды жана ал муну бул маселени бүтүрүү үчүн жасады! Азамат, катачылыгын кабыл алганды билет! Мактоого арзыйт!», — деди ал. Андан ары посттун автору Суракматовдун өзүнө таандык ак ниеттүүлүгүнө карабастан, ал өзүнө чейин мэр болгон Албек Ибраимовдун «деңгээлине» туура келиши кыйын болорун жазган. «Ал (Албек Ибраимов) АШАнын доорунда таасирдүү болгон. Ал маселени 01 менен түз чече алган жана аны эч ким «отметкага» отургуза алмак эмес. Күч органдарынын алдында коркунучту сезген эмес, жана эч кимге «отметка» берген эмес. Айрым ЖК ДЭПтери анын үстүнөн бийлик жүргүзө алышкан эмес жана ал баардык структураны бир жүгөндө кармаган. Суракматов дал ушундай планканы уюштура алабы?», — деген суроону коет Канат Хасанов. Бул жаатта ал жаңы мэрге оор болорун, анын үстүнө «жарандык коомчулук анын ишмердүүлүгүн ийне-жибине чейин карап тураарын» эске салат Хасанов. Мына ушундай жүрөктөн чыккан баага ыраазычылык билдирүү менен жөн гана ички күчтүү маңызы бар адам негизинен түз жана таза боло турганын айткыбыз келет. А. Суракматов тайсалдабастыгын, шыйпаңдабастыгын көрсөттү. Ага чейинки мэр мындан өтө пайдаланды, Канат Хасанов айтып аткан анын мурдагы президент менен жакындыгы көбүнесе Ибраимовдун өзүнүн жеке байып алуусуна кызмат өтөдү, шаардын өнүгүшүнө караганда». А Суракматов өзүнүн жашоосу, жасаган иши, үй-бүлөсү үчүн жооп бере турган адам экенин 100 пайыз тастыктады. Бул эми башталышы жаман эмес дегенди билдирет.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу