Канат Исаев түндүктүн «үчилтигин» алып чыкканы калды

Түштүк кланы өз ара биригип, «төртилтик», «бешилтик» болуп атканда, президенттикке
талапкер Канатбек Исаев түндүктүн «үчилтигин» түзүп, жакынкы күндөрү биригүү
кадамдары менен коомчулукка жар салууга шымаланып турган чагы.
Бизге жеткен маалыматтар боюнча, Өмүрбек Бабановду туу кылып көтөрүшүп, Канатбек
Исаев менен Темирбек Асанбеков үчөөнүн биригүүсү бышып калгандай. Бул идеянын
«дирижеру» Каке өзү болуп, президенттик шайлоого атганган үч талапкер бириксе,
андан соң башка саясый күчтөрдү да Бабановдун айланасына баш байлоо, жеңишке
жетишүү жагынан максат коюшканы жашыруун эмес. Кызыгы, Исаев президент
Атамбаевдин элдешкис душманына айланып калган, ал эми Өмүке болсо экөө менен тең
жылуу мамиледе. Ошондо кандай болуп калат? Албетте, бул суроонун жообун табуу
кыйын. Сыягы, кайсы тарапта биригүүнүн маңызы, стратегиясы мыкты болсо, ошол
жагына оомат оойбу?..

Булак: “Азия Ньюс”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу