Канат Исаев кийинки мушту кимден жейт?

Экс — президенттин кол тийбестиги боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин палатасында каралып жатканда кесиптештерине ыксыз тийише коюп таяк жеген Канат Исаев дагы бир шойком баштаганы турат. Кол тийбестикти алуу үчүн депутаттык комиссиянын жетекчиси болууга ашыгып, президентке кошоматтана коем деп Чүйдүн тың жигитинен таяк жеген. Кийин бир эмес, бирнечесинен кечирим сурап, бирок эч кимиси Канатты кечире элек…

Эми болсо күздө спикер Дастан Жумабековдун орду бошоорун билип азыртадан чуркап, экс — президенттин Кой — Таштагы айылына атчандарды уюштуруп барууну пландап жатат деген маалыматтар тарап жатат. Эгер бул маалымат чын болсо 2023-жылы Канат Исаев түп орду менен Кыргызстандан качып кетүүгө аргасыз болот окшойт.

БУЛАК: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу