Канат Исаевдин иши сотко жетти

Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Канат Исаевдин бир кездеги
кыңыр ишин кайра жандандырган Улуттук коопсуздук боюнча комитети тыкыр иликтөө
менен оркойгон коррупциянын элементтерин тактап, ишти сотко өткөрдү. Эми
депутаттын актыгы менен тактыгы Биринчи май райондук сотунда каралып баштайт.
Эсиңиздерге сала кетсек, Исаев Токмок шаарынын мэри болуп турган учурда
«муниципалдык жер участогун жеке компанияга карматкан
жана мэриянын башка кызматкерлери менен сүйлөшүп алып шаардык бюджеттен
каржыланчу автобекеттин ишин өзүнө караштуу ишканага берген» деген айып тагылган.
Мындан сырткары китепкананын жерин арзан баада сатып жиберген деген кине
коюлууда. Кызыгы, мына ушундай айыптар тагылып жаткан кишини кечээ «Кыргызстан»
партиясы президенттикке аттандырып, чоң жарышка кошту. Ат тизгини депутатты кайда
алып барар экен, төргөбү же темир торгобу?

Булак: “Де-Факто”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу