Канаткем, жатаканадагыларды ойлобой тайраңдап,»талтаң-талтаң» басып кайда жүрөт болду экен…

Мурдагы Билим Берүү министри Канат Садыковдун деги баскан жерине чөп чыкпаганы менен «.өтөнү май» экен, бул бийликтен кетсе экинчиси даяр. Мындан бир нече жыл мурун Парламенттин Билим берүү комитетинин ошондогу төрагасы Каныбек Осмоналиевге 2013-жылы Кыргыз-Орус (Славян) университетинин медициналык факультетине 27 абитуриентти кабыл алуу боюнча жазган катынын негизинде 2014-жылы кылмыш иши козголгон. 2012-жылы 30-августта баллы жетпеген 25 абитуриентти окууга кабыл алуу боюнча буйрукка кол койгон, күнөөкөр Канат Садыковдун башы кылтыйганы менен, сыр бербей, кайра акырын чээнге кирип жатып алганы баарына белгилүү болгон.

Так ошол ызы-чуулардын башында турган Канат мырза, дагы ызы-чуунун башынан чыкты. Журналист Канышай Мамыркулова, өзүнүн Фейсбук баракчасына «Урматтуу Сооронбай Шарипович, корупция менен күрөшүүнү Канат Садыков жана анын командасынан баштабайсызбы? Элден түшкөн акча кайда келип жатканын ким билет. Капиталдык ремонтко деген шылтоо менен алты күндөн бери КНУнун №9-жатаканасында жарыкты атайын өчүрүшүп, студенттер ачка калып талаалап, мугалимдердин эмчектеги балдары ыйлап, ызы-чуу түшүп жатышат. Ректор Канат Сыдыков «карт» кекирип камаарабай жүрүптүр», деп жазды.

Канат Садыков, студенттер менен мугалимдердин абалын ойлобой тайраңдап, талтаң-талтаң басып кайда жүрөт болду экен. Тийиштүүлөр «чулуң-чулуң» кылып, муштумун кезебесе, Канаткемдин кенебес жайы бар эле…

Булак: NazarNews.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу