Канатбек Керезбеков журналисттерге каршыбы?

Жогорку Кеңештин комитетинде финансы министри кызматына талапкер каралып жатканда, журналисттерди сыртка чыгарып ийишкен.

Кийинчерээк депутат Исхак Масалиев журналисттерди жыйынга киргизди.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы Канатбек Керезбеков жыйын жабык өтсүн деп айтпаганын айтып, аппарат кызматкерлери туура эмес түшүнүп журналисттерди киргизбей койгонун билдирди.

Жыйынга журналисттерди киргизбей жаткан Жогорку Кеңештин аппарат кызматкери комитет төрагасы «киргизбе» деп айтканын билдирген эле.

Финансы министри кызматына Бактыгүл Жээнбаева сунушталып, аны көпчүлүк жактырды. Ал президенттин кеңешчиси болуп июль айында дайындалган.

Эскерте кетсек, Адылбек Касымалиев каржы министри кызматынан өз арызынын негизинде 6-декабрда кеткен эле.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу