Канатбек Исаев сентябрдан тарта саясый активдүүлүгүн күчөтөт

УКМКнын камагында тогуз айдан ашык отурган Канатбек Исаев башка саясатчылардай мүңкүрөп калбай, чыйралып чыкканына күбө болдук. Козголгон кылмыш иштери суу кечпей, «сынганы»ушул да, сот аргасыздан эркиндикке чыгарбадыбы.

Эми депутаттык ишмердигин улантып, кайрадан эле коомдогу талылуу маселелерди козгоп, эл көйгөйүн аркалоо менен саясатга активдешерине көзүбүз жетти. Коомчулук астында Канат мырза ак жеринен түрмөгө камалганы, саяшй куугунтуктун запкысын тартканы, бирок, майышпаганы менен кадыр-баркы көтөрүлүудө.

Каарманыбыз баштагыга караганда камактан көп нерсени түшүнүп, кимдин ким экенин билип чыкканы, натыйжада, өзөгү бекемделип, кандай саясый күрөш болбосун лидер катары ишенимдүү, туруктуу күчкө айланганы жашыруун эмес.

Эмесе, Исаевдин элди ээрчиткен күндөрү алдыда…

Булак: «Азия Ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу