Канатбек Исаевди камакка алуу операциясын кимдер ишке ашырган?

Бишкек шаардык кылмыш иликтөө башкармалыгынын начальниги Азамат Бектенбаев менен орун басары Улан Орозалиев убагында Мирлан Мухтаровдун тапшырмасын аткарышып, далай ишти кылышканы калкып чыгууда.

Дегенибиз, депутат Канатбек Исаевди кылтакка илүү операциясын уюштурушуп, аныгында, мындай амалдары бийлик алмашкандан кийин сынганы ачыкталды го? (Булардын даяр «ийгилигин» бетке кармашып, УКМКнын кызматкерлери жапкан эле).

Сот козголгон кылмыш ишинин күчкө салып токулганынан шек санап, кайрадан тергөөгө тээп, бийликти басып алууга айыпталып аткан Исаевди үй камагына чыгарган.

Мухтаров жогору жактагы генералдарына таянып, Бектенбаев менен Орозалиевди «отко» салып берген соң өзү кызматтан айдалып, ОПГлардан таяк жегени уу-дуу кеп жараткан болчу. Эми берки экөөнүн тагдыры кантет? Кылгылыкты кылып коюшуп, кызматтарында отура беришеби?

Булак: «Азия Ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу