Канатбек Исаевдин соту жабык өтүп жатат.

Канатбек Исаевди бийликти басып алуу аракетине байланыштуу айыптаган кылмыш иши Бишкектин Биринчи май райондук сотунда жабык каралып жатат. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” анын адвокаты Бакыт Осмоналиев билдирди. Анын айтымында, азырынча эки отурум өттү, кийинкиси качан болору белгисиз. Бул тууралуу Азаттыык билдирди.

УКМК Исаевди былтыр 30-сентябрда кармаган. Буга «депутат бийликти күч менен басып алууга аракет кылып жатат» деп Интернетте тараган видео себеп болгон. Башкы прокуратура ага Кылмыш-жаза кодексинин 27-беренеси («Кылмышка даярдануу»), 233-беренеси («Калайман башаламандык») жана 295-беренеси («Бийликти күч менен басып алуу же кармап туруу») менен иш козгогон.

Ал эми Исаевге карата ага чейин козголгон дагы бир кылмыш иши мөөнөтү өтүп кеткендиктен 28-июнда токтотулду. Ал 2008-2010-жылдары Токмок шаарынын мэри болуп турган учурда жемкорлукка барган деп айыпталып жаткан болчу.

Канатбек Исаев — Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынын депутаты.

Булак: NazarNews,kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу