Канатбек Азиз акыйкатчы кызматына татыктуу талапкерби?

Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясы акыйкатчынын кызмат ордуна Канатбек Азиздин талапкерлигин сунуштады. Фракция мүчөлөрү Канатбек Азиздин талапкерлигин бир добуштан колдоого алганын алардын лидери Алмамбет Шыкмаматов Би-Би-Сиге билдирди. Шыкмаматов Канатбек Азиз бардык жагынан төп келишкен талапкер деп эсептейт. Ал эми айрым укук коргоочулар Акыйкатчы институтунун башына калктын калың катмары менен иштешип, алардын көйгөйүн чечүүдө дасыккан тажрыйбалуу киши келиши керек деп эсептейт.

Парламенттин эс алуудан кийинки эң башкы карай турган маселеси акыйкатчыны шайлоо болгону калды көрүнөт. Мурдагы акыйкатчы Кубат Оторбаев кызматтан кеткенден кийин анын ордуна келчүлөр тууралуу күбүр-шыбыр кептер тарап, андан соң дымый түшкөн эле. Ал эми жакынкы күндөрү «Ата Мекен» фракциясы аталган кызматка Канатбек Азиздин талапкерлигин сунуштап жатканын ачыктады.

«Азыр коом бийликке жаштарды алып келгиле, жаштар келип кан жаңырсын деген талапты коюп жатат. Канатбек Азиз ошол муундун өкүлү. Коом Азизди мыкты юрист, жакшы адис, демократ катары абдан жакшы билет. Ошондуктан биз Канатбек Азиз бардык жагынан төп келишкен талапкер деп ойлойбуз. Акыйкатчы кандай болушу керек? Биринчи кезекте энергиясы күчтүү, чоң кишилердин, балдардын, майыптардын укугун коргой алган киши болуусу зарыл. Мыйзамдарды, эл аралык нормаларды билген, коомго таанымал, харизмасы бар адам келиши керек. Ошондуктан «Ата Мекен» ич ара акылдашып, көп талапкердин ичинен Канатбек Азизди тандап алды»,- деди «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов.

Укук коргоочу Рита Карасартова акыйкатчынын алгач элдин ишенимине ээ болуусу абдан маанилүү дейт. Анын айтымында, акыйкатчы бийликти кескин сынга алуучу, курч мүнөзгө жана тажрыйбага ээ болуусу керек. Ал жагынан алып караганда Канатбек Азиздин иш жөндөмдүүлүгү жетишсиз.

«Акыйкатчы институту адам укуктарынын сакталышы боюнча парламенттин көз-кулагы болуп, дайым бийликке конструктивдүү сунуштарды берип турушу керек. Буга чейинкилерди карап туруп, «мен деле акыйкатчы боло алат турбайымбы» деген ой келиши мүмкүн. Аталган институтка жалпы кыргыз эли ишенген, бийлик менен теңтайлашып иш алып бара турган киши келе турган болсо, анда башка укук коргоочулар дагы анын айланасына чогулмак»,- деди Рита Карасартова

34 жаштагы Канатбек Азиз кесиби боюнча юрист. Учурда ал «Ата Мекен» фракциясынын катчылыгында эмгектенет.

Мыйзамга ылайык, акыйкатчылыкка талапкерлер үчүн талап өтө деле күчтүү эмес. Ал буга чейин соттолбогон жана Кыргызстандын жараны болуусу керек. Акыйкатчыны парламент фракциялары сунуштап, Жогорку Кеңеш шайлайт.

Кубат Оторбаев эмнеден улам акыйкатчылыктан кеткен?

Мурдагы акыйкатчы Кубат Оторбаев 26-июнда өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Анда мындай чечимдин артында кандай себептер турганы ачык айтылган эмес.

Бирок Кубат Оторбаевдин кызматтан кетишинин башкы себеби Жогорку Кеңеште анын отчетунун эки жылдан бери өтпөй жатканында болушу мүмкүн деп жатышат. Айрыкча, КСДП фракциясы Оторбаевдин ишмердигин сынга алып келгени белгилүү.

Жогорку Кеңештин вице- спикери Мирлан Бакиров жакында эле Би-Би-Сиге берген маегинде Кубат Оторбаевдин баяндамасы тармактык комитетте каралып, парламенттин жыйынына чыгарууга чечим болгонуна карабай, КСДП фракциясы бул чечимди колдобой жатканын билдирген болчу.

Андыктан Оторбаев парламент алдына чыгып, таландыга түшкүсү келбегендиктен, өз эрки менен кызматтан кетүү арызын жазганын дагы айтып келишет.

Мурдагы акыйкатчы ошондой эле соңку убакта «Ата Мекен» партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун сот ишинде акыйкаттык болбой калганы, андагы саясий куугунтуктун белгилери жөнүндө атайын билдирүүлөрдү жасаган эле. Кубат Оторбаевдин кызматтан кетишине ушул билдирүүлөр да себеп болгон деген пикирлер дагы бар.

Булак: БиБиСи

Аргумент.kg
Жооп калтыруу