Канада: ымыркайга «үчүнчү жыныс» ыйгарышты


Баланын ата-энеси трансгендер Кери Дотинин айтымында, бул бөбөк чоңойгондон кийин жынысын өзү аныктап алсын деген тандоо.

 Британия Колумбиясынын (Канада) бийлиги сегиз айлык бөбөктүн медициналык картасына баланын жынысын жазган жок. Бул туурасында РИА Новости Time порталына шилтеме кылып кабарлады.

 Бөбөктүн документиндеги жынысы жазыла турган жерине U тамгасы коюлган. Бул аныкталбаган деген маанини берет.Баланын ата-энеси трансгендер Кери Дотинин айтымында, бул бөбөк чоңойгондон кийин жынысын өзү аныктап алсын деген тандоо. Доти Gender-Free ID Coalition деп аталган бала туулганда анын документине «жынысы аныкталбаган» деп жазуу керек деген пикирди сунуштагандардын тобуна кирет.

CBS News телеканалы бийлик мындай чечимди Британия Колумбиясынын артынан Онтарио менен Альберт провинцияларында да кабыл алышы мүмкүндүгүн жазды.

Үчүнчү жыныс же үчүнчү гендер — коомчулукка аял же эркек ар кыл себептерден улам экендигин көрсөткүсү келбеген адамдар үчүн колдонулган термин. Буга өзүн коомдо эки жыныска тең таандык эмес деп эсептегендер кирет.

Булак: Спутник

Аргумент.kg
Жооп калтыруу