“Кыргызалтын” ишканасы Канаданын жогорку сотунда «Систем Мюхендисликтин» жана
Түркиянын «Энтес» компаниясынын үстүнөн жеңишке жетти. Бул туурасында аталган
мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Эскерте кетсек, 2011жылы Түркиянын «Систем Мюхендислик» компаниясы Канаданын
сотуна, “АкКеме” мейманканасына байланышкан арбитраждык чечимдин негизинде
“Кыргызалтындын» Центеррадагы акциясын өндүрүп берүү өтүнүчү менен кайрылган.
“Кыргызалтындын” маалыматына ылайык, 2017жылдын 15июнунда Канаданын Жогорку
соту «Систем Мюхендислик» менен Түркиялык «Энтес» компаниясынын бул өтүнүчүн четке
каккан чечимин чыгарды.
2016жылдын 29декабрында Онтарио провинциясынын аппеляциялык соту,
“Кыргызалтындын” Centerra Gold Inc. акциясы бир гана “Кыргызалтындын” активи болуп
эсептелээрин жана Кыргызстанга болгон дооматы үчүн кимдир бирөө аны конфискациялай
албайт деген чечимин чыгарган.
Мындан улам, Канаданын
жогорку соттук инстанциясы 9
судьядан турган Жогорку
Соттун коллегиясына
аппеляциялык арызды алып
чыгууга каршы болуп, 2016
жылы июль айында Онтарио
провинциясынын Жогорку
Сотунун судьясы чыгарган
чечимди күчүндө калтырды.
Жакын арада
“Кыргызалтындын” Канададагы 11 млн 867 миң 90,47 АКШ доллары эскроунун эсебинен
чыгарылат.
Мындан улам, 2017жылдын 15июнундагы соттогу утуш “Кыргызалтындын” акциясына
байланышкан Канаданын сотторунда орун алган талаштартыш маселелерине чекит
коюлду. Эскерте кетсек, бул соттук процесс дээрлик 6 жылга созулган. Жыйынтыгында
“Кыргызалтындын” жалпы суммасы 165 млн АКШ долларына бааланган акциясын жоготуу
коркунучу жоюлду.
Булак: Багыт