Камчы Сарыбаев, “Дем” театрынын актёру: “Бажама жаңы союлган койдун канын ичиргем”

Атактуулар айылында

“Бажа бажаны көрсө башын тырмайт” деген кеп тегин жерден айтылып калбаса керек. Адатта эже-сиңдилер бири-бирине сырын айтып, чер жазыша сүйлөшсө, бажалардын да бири-бири менен мамилеси ынак, жакын болот экен. Бажалар чогулган жер бака-шака түшүп, тамашалуу сөздөр жаңырып эле жатып калганына сиз деле күбө болуп жүргөндүрсүз. Ал тургай бажаларга байланыштуу кызыктуу окуялар да четтен саналат. Келиңиз, таанымал мырзалардын бажалары тууралуу кызыктарга көңүлүңүздөрдү бурабыз.

Кубаныч Ажыбаев, ырчы: “7 бажанын эң кичүүсү жана эң эркесимин”

— Менин бир тууган 7 бажам бар. Эң улуусу өзүмдүн атам менен тең болсо да шеринелерде биз менен бирге тамашалашып, акыл-насаатын айтып отурат. Бажалар менен ушунчалык ынтымактуубуз. Ражаларыбыз бар, тез-тез чогулуп, чайлашабыз, сырдашабыз, үйүбүздө болуп жаткан маселелер болсо ортого салып, чечкенге аракет кылабыз. Мен бажалардын эң кичүүсү, эң эркесимин десем болот. Жаңы күйөө бала болгондо кайын-журтка алгачкы ирет барганда бажаларымдын баары ошол жакта экен. Менден улуу бажамды улуу бажаларым: “Мына эми сенден кийинки бажа келип, сенин колуң узарды, бирдеме дебесең болбойт”, — деп жатышып аны “сындырышкан”. Ал байкуш: “Ийи, колум узарган тура, эми кызматты бул кылат”, — деп сүйүнүп атса, менин ырдаганымды кайнатам билип калып, мени коноктор отурган үйгө алып кирип, ырдатып, тамада кылып койгон. Күйөө баладай болуп от жагып, эт кайнатып, кызмат кылбай, тескерисинче, үй ичинде сыйлуу конокторго тамада болгом. Ошондо баягы бажам кайгырган тура: “Колум узарып, самоор-казандан алыстайм дедим эле, көрсө, бул артист тура”, — деп (күлүп). Ошентип, өнөрүмдүн арты менен жаңы барганда эле күйөө балалык кызматтардан четтетилгем.

Ирлан Таалайбеков, ырчы: “Бажалар менен мамилем жакшы, азыр да бажамдын үйүнөн келе жатам”

— Менин азырынча “собственный” бажам жок (күлүп). Анткени, балдызым турмушка чыга элек. Анан, албетте, бөлө, тууган бажаларым бар. Алар менен сый мамиледемин. Азыр дагы менден улуу бир бажамдын үйүнөн, Кара-Балтадан кайтып келе жатабыз. Бири-бирибиздин жакшылыктарыбызда тикебизден тик туруп кызмат кылабыз. Бажалар менен аябай деле тамашалашпайм, ден соолук, бала-чаканы сурап гана баарлашабыз. Кийинчерээк балдызым турмушка чыкса, балким, бир тууган бажа менен башкача мамиледе болоттурмун. Же мен азырынча эң кичүүсү болгондуктанбы, улуу бажаларыма баш көтөрүп, тамашалап сүйлөй албайм. Негизи, бажанын болгону жакшы, кайын-журтка барып калганда да жетим козудай болуп, жалгызсырабай чогуу жүрөсүң дегендей.

Камчы Сарыбаев, “Дем” театрынын актёру: “Бажама жаңы союлган койдун канын ичиргем”

— Биз 3 бажабыз, мен улуусумун. Эки бажамдын бири “киргиз”, бирөө “орус”. Бажаларымды колдон келишинче эрмектейм, биз аябай “секреттешебиз” да (күлүп). Чогулган жерде бапырап-шапырап эле жатып калабыз. Ортончу балдызым турмушка чыккан соң, кайын-журтка төркүлөп барып, бажалар баарыбыз ошол жакта жүрөбүз. Жаңы күйөө бала болгон бажам кыргызча билбейт, Москвада төрөлүп-өскөн неме. Койду устуканда десең, “Что такой устукан?”- дейт. Баягы жерде эл көп, опур-топур болуп атат. Кой союлуп баштады, баягы жаңы бажам чойкоюп эле четте турат. Бир маалда бери кел деп чакырдым да, “Койду союп, устуканда” десем, “билбейм да” деп ыйламсырайт. Анда мындай кыласың, салт боюнча жаңы келген күйөө бала жаңы мууздалган койдун канынан ичиши керек, мен да ошенткем дедим. Ал ыйлагысы келип, союп аткандардын жанына барып, бычактын мизин канга малып даам татты. Тамшанып коёт, мен сыр бербей тиктеп турам, жанымдагылардын боору эзилип калган. Ошентип, бажама койдун канын ичирдим да, эми улуу бажаларыңдын астынан өтүшүң керек деп кечке бөдөнөнүн сүтүн ташыттым. үйдө бар го ошондон эле алып келе берейин дейт, жок ал жарабайт, атайын барып дүкөндөн ташышың керек деп “киргиз” бажамды жакшы эле сынагам.

Мухтар Атаналиев, ырчы: “Менин жүздөн ашык бажам бар”

— Мен бажага баймын. Жалпы жолунан жүздөн ашык бажам бар. Алардын көбү чет жакта, Казакстанда, Өзбекстанда, Орусияда жашашат. Казакстан, Орусияга барып турабыз, бирок Өзбекстандан бажалуу болгонубузга 20 жыл болсо дагы үйүнө бир да жолу бара элекпиз. Жубайым 7 кыз, бир тууган эже-сиңдилердин жолдоштору 7 бажабыз. Эркектер сырдашпайт деген калп эле сөз. Кадимкидей эле сырдашып, чер жаза сүйлөшүп отурабыз. Жаш кезде тез-тезден жолугуп турчу элек, азыр эми балдар чоңоюп, алардын түйшүгү менен алышып жатып мурдагыдай көп жолукпай калдык. Бажаларга байланыштуу менде мындай кызык окуя бар, ал окуяны бажаларым азыркыга чейин айтып күлүшөт. Менин анда ырдап чыга элек кезим болчу, жубайым экөөбүз жатаканада жашайбыз. Бир бажам Орусиядан келе жатыптыр, Ошко кетмек. Жолдон биздин үйгө кайрылып калды. Жаңы жылдын алды болгондуктан даярданып отурганбыз, майрам башталды. Мени дайыма эле ырдатып көрүп “жакшы ырдайсың, ырдап чык, биз демөөрчү болобуз” дей беришчү. Анан досум экөөбүз бажамды узатмакка автобекетке келебиз. Ал жерден майрамдайбыз да, мени дагы ырдатышат, катыра мактап койсо мен досумду алып бажамды Суусамырга чейин узатып келебиз. Ал жерде жолдо турган МАИ кызматкерлерине жолугуп бажам мени мактап дагы ырдатат. МАИчилер мактап койсо, урган бойдон Токтогулга чейин кетип калыптырбыз да. Баягы бажамды бекетке чейин узатам деп Токтогулга чейин кетип калыптырмын. Мактоо, жылуу сөз адамды эмне гана кылбайт. Ойгонсом эле Токтогулда жүрөм. Ал жактан классташтарыма жолугуп калып, кайра ырдап берип жүрө  бериптирмин. А бажам менен досум Жалал-Абадга кетишиптир. Ошентип, Жаңы жылды жубайым менен досумдун жубайы экөө жатаканада тосуп, мен Токтогулда, досум менин бажамдын үйүндө тоскон. Ошол окуяны азырга чейин айтып күлүшөт.

Диана Айдарова

Аргумент.kg
Жооп калтыруу