Камчыкенин көңүлү куунак тартып, кызматка барарын күтүүдө

«Ата Журттун» лидери Камчыбек Ташиев бир канча жылдан бери үйдө отура берип тажаганынан жакында президентке кирип, «аке, мага Совбезди же МЧСти берген жоксуз, деги бир жагын карматпайсызбы, жакшы эле иштеп бердим го» десе, президент «эй, укам, сен өзүң шайлоодо Сузактын стадионунда чогулган элге «мага эч кандай кызматтын кереги жок, мен чын жүрөктөн колдойм» деп айтканыңдан, ошого ишенип жүргөм да, болуптур анда, караштырайын» деп узатыптыр. Камчыкенин көңүлү куунак тартып калганын, жакында кызматка барарын кабарлашты…

Булак: «Азия Ньюс» 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу