Камчыбек Ташиев президенттик шайлоодон өзүнүн талапкерлигин алаарын жарыялады

Белгилүү саясатчы Камчыбек Ташиев өзүнүн талапкерлигин ала тургандыгын кечээ, 20-сентябрда Сузактын Барпы айылынын эли менен болгон жолугушууда билдирди.

Анда Камчыбек Ташиев Сузак районунун тургундарына колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирип, өлкөнүн тынчтыгы үчүн президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун пайдасы үчүн өзүнүн талапкерлигин ала тургандыгын жарыя кылды.

Ташиев өз сөзүндө мындай кадамга башкаларга окшоп мага бул кызматты же тиги кызматты бер деген кандайдыр бир соодалашуунун артынан эмес, элдин биримдиги, ынтымагы үчүн барганын билдирди.

Буга чейин Камчыбек Ташиев Адахан Мадумаров, Бакыт Төрөбаев жана Ахматбек Келдибеков менен биригип, бир партия түзүп, бир талапкер чыгара тургандыгын жарыялашкан. Бирок, ал тандем бир айга жетпей ыдыраган.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

INTER.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу