Камчыбек Ташиев жана Ахматбек Келдибеков бүгүн тил боюнча сынактан өтүшөт

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлердин мамлекеттик
тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөө планы (http://www.mamtil.kg/?
p=6205)на ылайык бүгүн 9-августта төрт талапкер сынактан өтөт. Бул туурасында
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, алгач талапкер Каримов Алмазбек Ташполотович саат 9:00дө
тестирлөө жайына кирет. Андан соң Уметалиева Токтайым Джумаковна саат 10:30да,
Келдибеков Ахматбек Келдибекович саат 13:30да жана Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич
саат 15:00дө тест тапшырып башташат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу