Камчыбек Ташиев досу Ахматбек Келдибеков тууралуу чындыкты айтты.

Соңку учурларда Камчыбек Ташиев жана ал жетектеп келе жаткан “Ата-Журт” партиясынын тегерегинде көптөгөн сөздөр, божомолдор айтылып жатат. Биздин аңгеме да ушул нукта башталып, өлкөдөгү жүз берген коомдук-саясий процесстерге талдоо жүргүздүк.

— Камчыбек Кыдыршаевич, “Ата-Журттун” дагы бир лидери Ахматбек Келдибековго карата “кара пиар” күч алып кетти. Ал аркылуу партиянын да кадыр-баркын түшүргүлөрү келип жатабы?

— Ахматбек Келдибековичтин кадырын түшүрөбүз деп бир-эки гезит же сайттар эмес, бүт мамлекеттин каршы иштегенин көрдүк го. Ошондо да анын дарегине багышталган айыптоолордун бири далилин тапкан жок. Булардын каралоолору суу кечкен жок. Жыйынтыгында, азыр Ахматбек Келдибекович эл ичинде кадыр-баркы бийик жүрөт. Азыркы жалган жалаалар да максатына жетпейт. Буюрса, биз, Ахматбек Келдибекович экөөбүз элге бийликке келип кызмат кыла турган күндөр да алыс эмес. Кай жерде болбойлу, биздин максат – элге таза, абийирдүүлүк, ар-намыс менен кызмат кылуу.

Маектешкен Нургазы Анаркулов,

Булак: “Майдан. kg” гезити

Аргумент.kg
Жооп калтыруу