Камчыбек Ташиев: “Базар-Коргондогу элге кордук көрсөтсөңөр, анда мен ал жерге өзүм барам, эскертүүмдү олуттуу кабыл алгыла!”

-Урматтуу мекендештер! Мен, Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун тургундарына карата укук коргоо органдарынын тарабынан көрсөтүлүп жаткан, кордоп мыйзам бузуучулукка барып жатышкандарын эскертип коюуну чечтим! Жөнөкөй жарандарыбызды коркутуп үркүтүп, бийликтин күчү менен апаларыбызды кордоп жатканынарды көрүп, байкап турабыз. Эгерде жөнөкөй адамдарга карата жасап жаткан кордугуңарды токтотпосоңор, анда мен өзүм жеке ошол жерге барууга мажбур болом жана ал адамдарды коргоого алабыз. Урматтуу укук коргоо органдардын кызматкерлери, жетекчилери менин кайрылуумду өтө олуттуу караңыздар!

Камчыбек Ташиев

Аргумент.kg
Жооп калтыруу