Камчыбек Ташиев, “Ата Журт” партиясынын лидери: “Президент парламентти таратуу боюнча туура сөздү айтты!”

-Камчыбек Кыдыршаевич, кечээ президенттин айткан сөздөрүнө коомчулук ар кандай баа берип жатышат, сиз кандай пикирдесиз?

-Президенттин кечээги мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде сүйлөгөн сөзүн үч бөлүктөн карасак болот. Себеби, коомубузга, мамлекетибизге өтө керектүү нерселерди айтты. Президентти ушул убакка чейин сындап келгем, азыр деле сындоодон коркпойм жана баш тартпайм, ошол эле мезгилде президенттин кечээги сүйлөгөн сөзү мага өтө жакты.

-Мисалы?

-Биринчиден, президент өзүнүн сөзүнө туруп «мен, эртең президенттик мөөнөтүм аяктагандан кийин эч кандай бийликке кайтып келбейм. Премьер-Министр да болбоймун, Спикер да болбоймун»-деп өзүнүн мурдагы айткан сөзүн тактады. Бул коомубузга өтө жакты. Акыркы убакта коомчулукта «президент кайра премьер болуп келет окшойт, спикер болуп кайтат окшойт»-деген сөздөр көбөйүп кетти эле. Бирок, президент мурдагы айткан сөзүнө туруп, «эч кандай бийликке келбейм, бирок саясатты көзөмөлдөп карап турам»,-дегендиги туура эле.

-Ал, бийлик бутагына келбегени менен кайра эле көзөмөлдөп турам дегени бийликти колдон чыгарбайм деген кыйытуу эмеспи?

— “Саясатты көзөмөлдөп карап турам»- дегенин туура кабыл алышыбыз керек. Себеби, президенттик кызматты аркалаган адам мамлекеттин кайсы багытта өнүгүп жаткандыгын, кемчиликтерин, жетишкендиктерине өзүнүн көз карашын билдирип турган болсо – бул жакшы нерсе. Себеби, биздин ушуга чейинки президенттерибиз андай мүмкүнчүлүккө ээ болбостон, мамлекеттин сыртында качып жүрүшөт. Ошондуктан, ушул маселени туура айтты деп эсептейм. Экинчиден, Алмазбек Шаршенович «элди талап-тоногон, мародерчулук кылгандарды жана 2010-жылкы революциядан кийин тез эле миллионер, миллиардер болуп кеткен адамдардын баарын тактап, айрыкча мамлекеттик кызматкерлерди, депутат, министр болуп алгандардын баарын жоопко тартам жана ошолорду коомго алып чыгам”,- деген таризде сөз сүйлөдү. Бул дагы мага өтө жакты. Себеби, ушул маселени мен 6 жылдан бери айтып келе жатам. «2010-жылдан кийин көптөгөн адамдар мамлекеттик кызматка келип алышты. Алар, элди талап-тоноп жегендер, элге мародерчулук кылгандар, элге кыянатчылык кылгандар»-деп айтып келе жатабыз. Президент мөөнөтү бүтөөрүнө аз калса да ушуну түшүнүп, элге жеткирип айтып койгондугу туура, акыйкаттуу маселе болду.

-Кечээ айткан сөздөрүн аткарышына ишенесизби?

-Эгерде ушул айтканын аткарып, парламентте, мамлекеттик кызматтарда, элдин байлыгын талап-тоноп жеп алып, тымпыйып, унчукпай эч нерсени билбегендей болуп отуруп алгандарды президент алып чыгып жазалай турган болсо, анда бул президент тарыхта калат. Анда бул президент коомубузга, кийинки саясатчыларга үлгү боло алат. Ошондо биз «Президент чынында акыйкаттуулукка жетип жатат» -деп айтат элек.

-Парламентти таратуу боюнча маселени колдой турганын айтты, сиз аны менен макулсузбу?

-Мен, айтпадымбы, үч маселе тууралуу анын пикирин колдойм деп. Парламентти таратуу – туура маселе. Себеби, Конститутцияда жазылгандай, парламенттик башкаруудагы мамлекет болгонубуздан кийин, мамлекетибиздеги өсүп-өнүгүү, жетишкендиктер, жетишпегендиктер, акыйкаттуулуктар, акыйкатсыздыктар баардыгы ушул парламентте чечилиши керек. Парламент ушуну өз жолуна коюш керек. Ал эми бүгүнкү биздин парламент болсо эч кандай демилгеси жок, же болбосо эч кандай бир маселени көтөрүп чыгып аягына чыга албаган, жок дегенде өздөрү түзүп берген өкмөттү иштете албаган бир алсыз парламент болуп калды. Ушул парламентке көпчүлүгү акча менен келишип, алар унчукпай тымпыйып отурушуп, мурда сүйлөп, маселелерди көтөрүп жүргөн эле балдар-кыздарыбыз азыр унчукпай, эптеп эле күн өтсө экен, эптеп айлык алсак экен, өзүбүздүн ишибизди бүтүрүп алсак экен деп калышты. Булар, өздөрүнүн көмөчүнө күл тартып, чөнтөгүн ойлоп, элге эч кандай кайрылбастан отуруп алышты. Алар беш жылдык мөөнөтүнө таянып, депутаттык мезгилин жыргап өткөрсөк деген позицияны карманышты. Ошондуктан, бул парламентти таратып, жаңы парламентти түзүп, жаңы парламент, жаңы Конститутция менен жаңыча иштей баштаганды эгерде президент колго ала турган болсо, бул дагы коомубузга жагып турат. Коомубуздун көпчүлүк бөлүгү, биздин шайлоочуларыбыз ушуну каалап турат.

Булак: “Искра.KG”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу