Түштүктөн чыккан саясатчылардын «көзүрү» Камчыке менен кеңири маектешүү оюбуз бар эле. Мындай оюбузду буга чейин үч-төрт ирет сунуштасак, экс-министр Бишкекте эместигин айтып оозун жыя электе, аны баш калаабыздан көргөнүбүздү кайда катат элек? Динден түшүнүгү бар, эл көзүндөгү мындай инсандын калптын «касиетин кетирип айтканы» Кудайга деле жакпайт да, туурабы? А биз азырынча иитернет аркылуу Камчыке менен болгон кыска-нуска баарлашуубузду гезит окурмандары үчүнда сунуштап койдук.
— Камчыке, жаңы өкмөттүн курамынан карааныңыз көрүнбөдү. Бул сапар сизге кызмат сунушташкан жокпу?
— Мен азыр башка жакта жүрөм. Кызмат боюнча азырынча эч ким менен бул маселе боюнча сүйлөшкөн жокмун.
— Адилетсиз жагдайда камакта отурган саясаттагы устатыңыз Бекболот Талгарбековду бошотуу боюнча жаңы бийликке сунуш киргизип көрдүңүзб ү?
— Алар мени укпай коюшту. Бирок, жеке өзүм колумдан келген баардык аракетим менен Бекболот Талгарбековичтин үй-бүлөсүнө каралашып турам.
— Алдыдагы саясый максаттарыңыз кандай? Шайлоо алдында Сооронбай Жээнбеков менен кыналыша сүрөткө түшүп аттыңыз эле, ал киши президент болгону жолутуп, сүйлөшө алдыңызбы? Кызматка баруу жагыңыз качан чечилчудөн?
— Абал тез өзгөрүп кетиши мүмкүн…
Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ