Камчыбек Ташиев, “Ата-Журт” мекенчил саясий партиясынын лидери: “Чыккынчы-саткындар эртеби-кечпи өздөрүнө тиешелүү жазасын алышат”

“Ата-Журт” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Barometr.kg менен болгон маегинде өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштуу көз карашы менен бөлүшүп, президенттикке талапкерлерге карата позициясын ачыктады.

Ал партиясын эл колдооруна ишенет, пикиринде, жергиликтүү кеңешке шайлоодо төрт шаарда “Ата-Журт” ашыкча күч коротпой эле, жеңишке жетишти. Президенттикке талапкерлер тууралуу айтып жатып, Ахматбек Келдибековду колдоорун, мындай убада башта болгонун сыймыктануу менен белгиледи. Ал дайыма жигиттик сөзүн жерге таштабай турганына басым жасады. Башка талапкерлер боюнча Ташиев начар эч нерсе айта албайт. Аны менен катар чыккынчылыкты жек көрөөрүн кошумчалады: аны сатып кеткендер эртеби-кечпи өздөрүнө тиешелүү жазасын алышат. Бирок, ким сатканын ачык айтпады.

Маек башталышында Ташиев Орозо кармап жатканын эскертти.

– Камчыбек Кыдыршаевич, алдыдагы президенттик шайлоого катышуу ниетиңиз барбы?

– Баары болушу мүмкүн, бирок, мен азырынча Ахматбек Келдибековду колдойм. Биз бул тууралуу башында сүйлөшкөнбүз, а мен эч убакта жигиттик сөзүмдөн кайтпайм. Анын кесепетинен саясатта нечен жолу жабыркаган учурлар да болду.

– Кайрадан тандемби? Сиз тандемден бир канча жолу оозуңузду күйгүзбөдүңүз беле? Тарых көрсөткөндөй, саясаттагы тандемдин өмүрү кыска эмеспи.

– Ким сатып кетсе, кылган иши үчүн жооп берет, “дагы деле кеч кире элек” деп айтылгандай, ар бири эртеби-кечпи жасаган ишине жараша жазасын алат.

– Бул жолу да сизди сатып кетишпейби?  Эгер, дагы саткынчылык болсо, сизге мындан ары чоң саясатта кармалууга кыйыныраак болуп калат го?

– Саясаттан кетүү тууралуу оюм жок, Мекениме кызмат көрсөтүү жаатында чоң кыялым бар. Мен жаңы гана баштаганымда токтотушту. Эч убакта мамлекеттин бир мыгын, бир кирпичин да уурдаган эмесмин, бир чарчы жерин да менчиктештирбегем. Атам таза жашоого үйрөткөн. Кайра кайтып келип, алдыга койгон максаттарыма жетүүнү каалайм.

– Кандай образда кайтып келээриңизди так айта аласызбы?

– Шайлоочулар биздин мекенчил “Ата-Журт” партиябызды абдан жакшы билишет. Жакында эле өткөн жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодо биздин партия республиканын төрт шаарында мандат алууга жетишти. Жеңишке оңой эле, ашыкча каражат чыгымдабай, ээ болдук. Башка партиялар ири суммадагы акча коротушуп дагы жетиштүү өлчөмдөгү добуш ала алышпады. Сөзсүз түрдө кийинки парламенттик шайлоого даярданабыз, Кудай буйруса, биз “Ата-Журтту” кайрадан парламентке алып келебиз.

– Башка талапкерлер боюнча. Талапкер болоорун расмий жарыялагандардын арасынан сиздин оюңузча, кимиси шайлоочулардын басымдуу колдоосуна ээ боло алат?

– Президенттикке талапкерлердин бирине да начар пикир айткым келбейт, азырынча… Шайлоо алдындагы жарыш башталганда, мүмкүн, айта турган кеп болоор. Көрсөтүлгөн талапкерлердин ар бирин жакшы тааныйм. Алардын терс да, оң да сапаттарын билем, арасында мекенибиздин татыктуу уулдары бар экенин белгилеп кетейин.

– Талапкерлердин терс жактарын Орозо кармап атканыңыздан улам айта албай атасызбы?

– Бардык нерсенин өз убагы келет… Орозо боюнча айтсам, Рамазан айы дүйнөдөгү бардык мусулмандар үчүн ыйык ай, жер жүзүндөгү 2 миллиарддай адам чоң ишеним менен Орозо кармап, Алла Тааланын ырайымынан үмүт кылышат. Мекендештеримди Кудай берген мүмкүнчүлүктү текке кетирбей бири-бирин кечирүүгө, бири-бирине таарыныч-кек кармабоого чакырам. Бакыт сиздерге жылмайсын!

Булак: “Майдан”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу