Камчыбек Ташиев, “Ата-Журт” мекенчил саясий партиясынын лидери: “Революция жасай тургандай нааразычылыкты көрбөй турам…”

(Башталышы мурунку санда)

— Камчыбек Кыдыршаевич, бүгүн дүйнө жүзү бизде өтүп жаткан III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна көңүл буруп, анын ачылыш салтанаты Олимпиада оюндарынан кем эмес таризде өткөнүн айтып жатышат. Анын масштабы улам кеңейип, катышкан өлкөлөрдүн саны өсүүдө. Бирок, өзүбүздүн экономикалык абалыбыз араң турган маалда бул оюндарга миллиондорду чачып өткөзүүнүн кереги жоктугун айткан скептиктер да болууда. Сиз кандай ойлойсуз, көчмөндөр оюну бизге керек беле, андан эмне пайда таптык?

— Бүгүн өз улутунун өткөнүн таанып-билүү дүйнөдөгү бардык мамлекеттердин күн тартибине коюлуп турган маселе. Адамзат тушунда нечендеген цивилизациялар өткөн. Алар бүгүн барбы, канчасы кумга сиңип жок болуп кетти. Ушул жагынан алып караганда, көчмөндөрдүн цивилизациясы тарыхтын нечен тайгак кечүү тар жолдорунан өтүп олтурса да, бүгүн унутулуп калган жок, а эгер аны биз кайрадан көтөрүп, бардык дүйнө урматтап мамиле кылып турса, эң жакшы көрүнүш. Көчмөн калкынын өз тарыхы болгон, мынабул оюндардын түрлөрү кылымдарды карытып, унутулбай келди. Идеологиялык жагынан бул абдан негиздүү, келечектүү, мыкты, жаратман идея. Аны биз, кыргыздар биринчи алып чыгып, көтөрүп-улантканыбызга боордош элдердин көзү күйүп турганын көрүп эле турасыздар го. Өткөндү унуткан элдин келечеги жок. Бул кайсы бир деңгээлде ата-бабалардын жолуна кайтып келүү, алардын аздектеп келген баалулуктарына маани берүү, алар таптаган даанышмандык жолду туу тутуп өнүгүп-өсүү дегендик. Катары менен үч жолу өткөзүп келсек, бул ирет Түркия төртүнчү оюндарды өздөрүндө өткөзүү вазийпасын алды. Андан ары “биз алабыз” деп монголдор талашып жатышат. Олимпиада оюндарынын масштабына жетпесе да, келечекте көчмөндөр оюндарынын даңкы дагы көтөрүлөт. Аны биринчи баштап, идея салган, демилгечи катары биз, кыргыз эли калабыз. Ушуну туура баалап, “мурунку президент баштаган”- деп таштап койбой, маанисин терең түшүнүп улантып кеткен Сооронбай Жээнбековдун да салымы зор. Көчмөн цивилизациясына кирген боордош өлкөлөрдүн президенттеринин келгени – жаңы бийлик тушунда Кыргызстандын кадыр-баркынын көтөрүлө баштаганынын да далили.

Ал эми экономикалык негизде карай турган болсок, ооба, абал оор. Бирок, бир да кыргыз каражаттын сапырылып кеткенине ичи тарыган жок, тескерисинче, улут катары баарыбызга дух берип, толкундатып турат. Жалпы улутту бириктире турган идея ушул, андан акча аянбаш керек, элди бириктирип алсак, алда канча көп утабыз.

Мен эл ичинен чыккан скептиктерди туура түшүнүп турам. Анткени, буга чейинки Көчмөндөр оюндарын өткөзүүдө мурунку бийлик тушунда каржылык мыйзам бузууларга жол берилип кеткен, бул багытта канча ызы-чуу болду. Бирок, Жээнбековдун тушунда бир да тыйын максатсыз жумшалбайт деп ишенем. Ал өзү муну тыкыр көзөмөлдөп, сурачу адамдардан сурап алаар…

— Күзүндө саясат курчуйт. Атамбаевдин тегерегинде көп ушактар жүрүп жатат. Аны элди көтөрүлүшкө алып чыгаарын кеп салышууда… Саясатта дагы эмнелер болушу мүмкүн?

— Мен өзүм ушакты, калп айтканды жактырбаган адаммын. Ошондуктан, азыр айтылып жаткан сөздөргө далилин көрбөгөндөн кийин ишенбейм. Ооба, бүгүнкү Атамбаевдин абалы абдан аянычтуу. Мактаган командасындагылар коррупцияга белчесинен батып, камалып, духу сынып турат. Бул жагынан алып караганда ал кечээки “досу” Сооронбай Жээнбековго таарыныч күч. Андыктан, экс-президент кандайдыр бир жолдор аркылуу президенттин кадамдарына таасир этүүгө аракет жасаары турган иш. Бирок, кечээ эле жүздөгөн адамдардын каны аркылуу бийликке келгенин бул киши унутпашы керек. Эгерде ал ызы-чуу уюштурса, ошол балдардын арбагын сыйлабагандык болуп калат. Элге тополоңдун кереги жок. Революция жасай тургандай нааразычылыкты көрбөй турам. “эки жолу революция жасаган баатыр элбиз”- деп артка кылчайа берген адатты токтотуубуз зарыл. Экономика он жолго түшүп, эл турмушун жакшырткыбыз келсе, өлкөдө тынчтык болушу зарыл. Ал эми ким болбосун, ызы-чуу сала турган болсо, мен биринчилерден болуп аларга каршы турам. Себеби, бизге Кыргызстаныбыз керек! “Дагы бир ызы-чуу болсо”- деп диний радикалдар чыдамсыздык менен күтүп, от бүркүүгө даяр. Аларга жол бербейли, өлкөнү кийинки муунга гүлдөгөн-өскөн маанайда өткөзүп берүү биздин милдет.

— Атамбаевдин партиясында да бөлүнүүлөр болуп жатат. Сагынбек Абдырахманов баштаган топ Атамбаевдин өзүн партиядан кууп чыгууга аракет жасап, жер-жерлерде курултай уюштуруп чуркап жатат. КСДП – тарыхы узун партия. Ал бир гана адамдыкы болушу мүмкүнбү?

— Кыргызстан социал-демократтар партиясын жалгыз Атамбаев түзгөн эмес, аны ачык айтыш керек. Анын башында башка да аттуу-баштуу адамдар туруп, бирок, уюштуруучулук иштери Атамбаевге жүктөлүп калганы бар. Экинчи жагынан, ачык айткан оң, ошончо узун тарых убакытта КСДПны каржылап, атын жоготпой, кадырын өстүрүп келген ушул Алмазбек Атамбаев экендиги да анык. Бизде партиялардын көбү шайлоого барыш үчүн эле түзүлөт, башка убакта токтоп турат. А КСДП эч убакта ишин токтотпой, тирүү организм болушуна, кийин анын бийлик партиясы болушуна Атамбаевдин салымы зор. Ошондуктан да эл аны Атамбаевдин партиясы катары билет. Саясий аба ырайынын өзгөрүшү менен мурда биз билбеген жагдайлар ачыкка чыга баштады. Партиянын кадырлуу мүчөлөрүн кызматка тартпай, жалаң жеген-ичкенди билген ачкөздөрдөн команда куруп мамлекетти башкарып, аягында КСДПнын да аброюн төмөн түшүргөнү үчүн гана нааразычылык чыгып жаткандай. Бул жагын да мен туура түшүнөм. Чынында Атамбаев партиядагы таза адамдарга таянбай, мурдакы ажолорду аңга түрткөн адамдарды кайра алып келип, шоопурун, жансакчыларын, секретаршаларын жогорку кызматтарга алып барып, абдан туура эмес кылган. Анын азабын эми тартып олтурат.

— Сиздер жетектеген “Ата-Журт” партиясынын келечек пландары кандай? Кандайдыр бир билдирүүлөрүн же чогулуштарын укпай, көрбөй калдык го?

— “Ата-Журт” башынан улут, эл, өлкө үчүн күрөшүп келген, элдин арзуусуна айланган партия. Биз ар дайым ачуу чындыкты айтып келгенбиз. Анын азабын куп гана тарттык, бир да партиядан мынча көп сандаган адам камалып чыккан жок мурунку бийлик тушунда. Бирок, акыр аягы биздин көтөргөн маселелер туура экендиги элдин жүрөгүнө жетти. Учурунда биз айтып жүргөн сөздөрдүн чын экенин С.Жээнбеков да кадамдары менен мойнуна алды, биз “коррупционер” деп кыйкырып айткан адамдар азыр абакта. Азыр жаңы бийлик өкүм сүрүүдө. Бир жылча убакыт берели, иштесин, чыдап, күтүп туралы. Азырынча жакшы баратышат. Жөнү-жок жерден эле шылтоо таап, кыйкырып чыга берген болбойт да. Ажо да чиновниктерге: “элдин сөзү жерде калбасын, уурулугуңар билинип калса дос-тууган экениңерге карабайм!- деп улам айтып жатат. Кудасы, иниси тууралуу сөз чыкты эле башында, азыр аларды да тыйып койгон окшойт, жада калса ушак да угулбай калды. Иши кылса азыр ич жылыткан кадамдар жасалууда. Кийинкисин дагы көрө жатарбыз иним!

— Эгерде президент С.Жээнбеков туура эмес, элге каршы тууганчыл саясатты жүргүзө баштаса, анда кемчилигин көрсөтүп айтууга кудуретиниз жетеби?

— Мен эмнегедир Сооронбай Шариповичтин элге каршы саясат жүргүзөөрүнө ишенбейм. Анын тарбиясы, дүйнө таанымы буга жол бербесе керек деп үмүттөнөм. Бирок, билип болбойт да, эгер ал өзү баштаган багытынан кайтып, ошончолук эле өзгөрүп, туура эмес иштерге бара турган болсо, анын бул кемчиликтерин айтмак турсун, туу көтөрүп, каршылык көрсөтүп чыгууга духум да, мүмкүнчүлүгүм да жетет.

Маектешкен Нургазы Анаркулов, Булак: “Майдан. kg” гезити

Аргумент.kg
Жооп калтыруу