Камчыбек Ташиев: Акүйдүн алдындагы тосмону түп орду менен жок кылам

Өткөн жекшемби күнү кадимки эле Американын Лас-Вегас шаарында UFC 229 аталыштагы чоң мелдеш өттү. Бул күнү кылчайнашкан тирешке жеңил салмактагы дүйнөнүн эки жолку чемпиону ирландиялык Конор Макрегор менен UFC чемпиону орусиялык Хабиб Нурмагомедов экөө октагонго (сегизбурчтук) чыгып, оюндун 4-раундунда Хабиб атаандашын муунтуу ыкмасы менен багынтып, чемпиондук кемер курду өзүнө сактап калды. Кызыктын баары мелдештен кийин башталды. Хабиб тосмодон ашып өтүп, Макрегордун спарринг-партнеру Диллон Дэнисти көздөй атырылган. Мына ушу жагдай боюнча белгилүү саясатчы Камчыбек Ташиев Фейсбуктагы өздүк баракчасына «Хабиб өзүбүздөн турбайбы, тосмодон ашып түшүптүр» деген билдирүүсү коомчулукка жаркын маанай жаратты. Биз Камчыбек Кыдыршаевичтин өзүнө кайрылып,ушу жагдайда чакан маек курдук.

– Камчыбек мырза, соцтармактагы «Хабиб өзүбүздөн турбайбы, тосмодон ашып түшүптүр» деген билдирүүнү өзүң жазгансыңбы же сенин атыңды жамынып башка башка бирөөлөрбү?

– Фейсбук баракчама өзүм жарыялаганым анык. Хабибдин тосмодон ашып түшүп, атаандаштарынын ортосуна секиргенине өтө деле таңкалбадым. Себеби, жүрөгүнөн жалын чачып турган эрдиги, тайманбас баатыр мүнөзү кыргызга окшош экендигин белгилегим келген. Адамдар кай жерде болбосун, мейли спорт чөйрөсүндө, мейли талаш-тартыш жаралган жерде эмоциясы ашып кеткен учурлар болбой койбойт. Андай нерселер бир күндө же бир көз ирмемде чогулбастан, айлап-жылдап жыйыла берип, акырында чектен чыгып кеткенде кармоого мүмкүн болбой калган учурда сыртка атырылып чыгат. Менин билишимче, Конор жана анын командасындагылар көптөн бери эле Хабибдин атасына, анын улутуна, диндик көз карашына ыгы жок тийишип жүрүшкөн. Автобусуна таш ыргытып, айнектерин сындырып койгон учурлары болгон. Анан Конордун командасына болгон ызасын ошону менен чыгарып алды окшойт.

– Ошол мелдеште кимге жан тарттың?

– Мусулман бир тууган Хабиб иниме жан тарттым. Анткени, Хабиб атанын тарбиясын алып аткан жигит. Бул жагынан биздин кыргыз эли менен үндөшүп кетет. Кечээ эле пресс-конференция берип атып, «атам менин мелдештен тышкаркы кылыгым үчүн урушуп, тилдеп, жадагалса жазасын берет» деп өзүнө-өзү сын көз карашта экенин билдирди. Мен мындай инилерди кубаттайм, колдойм.

– Өзүң азыркы учурда эмне менен алексиң?

– Жеке өзүм алты жылдан бери үй-бүлөгө тийиштүү чарбам менен алектенип, саясаттан сырт болуп келем. Анткен менен өлкөбүздөгү болуп аткан жагдайларга, көрүнүштөргө, саясый абалга көз салып турам. Мамлекетибиз эл күткөндөй оңолуп кете албай жатат. Бул нерсе мени санаага салып, ар кандай ойлорго түртүп аткансыйт…

– Саясат айдыңына кайтып келе турган ой эмеспи?

– «Кайра саясатка кайтсамбы» деп ойлонуп жүрөм, себеби, саясатта майда, жеке кызыкчылыгын көздөгөн, мекенчилдик сезими жок билимсиз көпөстөр көбөйүп кетти.

– Анча болду аттарын атап салсаң болбойбу?

– Жогоруда айтканым эле жетиштүү го дейм. Мен кимди айтып атканымды өздөрү билишет. Анүстүнө этикага сыйбай калат…

– Саясатка кайтып келе турган болсоң, ипгги эмнеден баштайын деп турасың?

– Эгерде саясатка кайтып келсем, Акүйдүн алдындагы тосмону бүтүндөй жок кылып, бийликтин күчүн, мүмкүнчүлүгүн кыргыз элимдин жыргалчылыгына иштетсем, жумшасам деген аруу тилектерим бар.

Сурат Жылкычиев

Булак: «Азия ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу