Камчыбек Ташиевдин келини, Эркеайым Абдуллаева: «Аялзаты жолдошу иштетпей койсо эле отуруп калбашы керек»

— Эркеайым, өткөн жылы турмушка чыктыңыз. Жолдошуңуз менен кантип таанышып калдыңыз эле?

— Жолдошум менен социалдык тармактардын биринен таанышканбыз. Ал мени мырзаларда өтө сейрек кездешкен өжөрлүк сапаты менен багындырып алды. Ал кездеген максатына жете билген, сөзүнө бекем турган, тактыкты жактырган жана үй-бүлөгө камкор инсан.

— Фото-моделдик кесипти улантасызбы, же өз кесибиңиз менен иштейин деп жатасызбы?

— Фото-моделдик жумушум азыр деле уланып жатат. Ал эми кино, клиптерге тартылууга жолдошум чек деле койгон жок, мен өзүм эле чечим чыгарып, турмушка чыккандан кийин тартынып калат экенсиң. Азырынча жолдошумдун жумушуна байланыштуу Жалал- Абадда турабыз, мен үйдө элемин. Кийинчерээк өз кесибим менен иштеймин деген пландарым бар.

— Белгилүү саясатчы Камчыбек Ташиев кайын атаңыз экенин билебиз. Атактуу үй-бүлөгө келин болуу оор эмес бекен?

— Кайын атам аябай жакшы адам. Мындай жөнөк ой, үлгүлүү үй-бүлөгө туш болгонума Кудайга ырахмат айтам. Келин болгондун оор жактарын көрө элекмин. Кайын энем дагы абдан сонун адам. Үйлөнгөндөн кийин эле өзүнчө жашап азырынча кыйратып кызмат кыла элекмин (күлүп). Бишкекке учурда албетте келиндик милдеттеримди мыкты аткарууга аракет жасаймын.

— Бүгүнкү заманбап аялзаты кандай болуш керек, сиздин пикириңизде?

— Ар бир аялзаты өзүн  өзү барктай билиши керек. Эң биринчиден өзүн таза жана сулууалып жүрүшү керек. Мындан сырткары аялзаты кандайдыр бир ишке кызыгып, ошону менен алек болгону дурус. Үйдө жолдошу иштетпей отургузуп койгон учурда деле аялзаты тамак-аш жасап, үй жыйнап эле отуруп калбастан өзүн өзү ар тараптан өнүктүрүп, жаңы нерселерди үйрөнүүгө  аракет жасаганы жакшы.

БУЛАК: Жаңы Ордо

Аргумент.kg
Жооп калтыруу