Камчыбек Жолодошбаев: Жумабеков ар бир маселеге дыкаттык менен көңүл бурган төрага боло алды

«Сууну сиңген жерге төк, сөздү уккан жерге айт» дегендей айрым эл өкүлдөрү-нүн айрым аткарган, жасаган иштери көмүскө калып келет. Маселен, Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев Нарын облусуна Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков менен барган иш сапары тууралуу азыноолак кеп салды. Албетте иш десе ишке тойбой турган спикердин март айында болгон тоолуу Нарындагы иш сапарын кез жаздымда калтырбай элге маалымат катары берип, спикер тууралуу ой толгоосун мы ндай деп бөлүштү…

—Мамлекеттик жогорку кызматтагы аткаминерлердин башкы өзгөчөлүгү элдин көйгөйүн көрө билип, аны чечүүдө алгылыктуу кадамдарды жасай алгандыгында жатат. Бул жааттан алганда Жогорку Кеңештин азыркы төрагасы Дастанбек Жумабеков жаштыгына карабай, кыска убакыт аралыгында эле өзүн чыныгы эл өкүлү катары көрсөтө алды. Айрыкча, аймактардагы иш сапарларында дайыма эл менен ачык-айкын жолугушуу өткөрүп, ар бир маселеге көңүл бурган төрага экенине көпчүлүгүбүз күбө болуп келебиз. Маселен, Нооруз майрамын утурлай Теңир-Тоого жасаган иш сапарына токтолсок, мурда-кийин каттап жүргөн кызмат адамдарынан Дастанбек Жумабеков көп маселени чечип келгендиги менен айырмаланды. Алсак, Ак-Талаа районунун активи менен жолугушуу учурунда элеттеги эң оор делген маселелер эл өкүлдөрүнө маалымдалып, карапайым калк көйгөйлөрдү чечүүгө көмөк сурашкан. Көпчүлүк суроо аймактын инфраструктурасына тиешелүү болгондуктан төрага Дастанбек Жумабеков айтылган маселелер өлкөнүн бардык аймактарына таандык экенин белгилеп, куру убада бербестен, конкреттүү чечүү жолдорун сунуштаган.

«Айылдарда да шаардагыдай жашоо болуусу үчүн талыкпас эмгек зарыл. Биз бирге иштешсек, көздөгөнүбүзгө жетебиз. Жолдор, оорукана жана мектеп сыяктуу социалдык маселелер убагында чечилип, алыскы айылдардын элинин муктаждыктары тез арада канаттандырылуусу абзел», – деген Дастанбек Жумабеков, бийлик менен эл бирге болсо өлкө өнүгөрүн кошумчалаган.

Мындан сырткары, ушул жылдын 13-майда Нарын дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, Ак-Талчат – Казарман унаа жолундагы урап калган көпүрөнүн курулуш иштери бүтпөгөндүктөн төрт айылдын эли райондун борбору менен байланыша албай калган. Бул маселе да Дастанбек Жумабеков менен болгон жолугушууда эл тарабынан көтөрүлүп, кеп узабай көпүрө да оңдолуп бүттү.

Дагы бир белгилей кетчү жагдай, Дастанбек Жумабеков башка кызмат адамдарынын өзгөчөлөнүп карапайым калкка жакын болуу менен бирге, канга сиңген жердешчилик жана тууганчылык өнөкөттөрдөн өзүн өйдө алып жүрөт. Буга мисал ошол эле Ак-Талаа районунун жергиликтүү кеңешинин депутаттары менен жолугушуу учурунда өзү бир аймактын гана депутаты эмес экенин, жалпы Кыргызстандын, анын ичинде Ак-Талаанын да эл өкүлү экенин баса белгилеген. Төрага муну менен элге кылган кызмат жердешчилик жана тууганчылык алакалардан бийик турарын далилдеп, парламентти башкарган чыныгы аткаминер катары тааныла алды.

Ошондой эле бул терага жаштарды, айрыкча жаш спортчуларды колдоого алгандыгы менен да айырмаланып келет. Аймактарга жасаган бардык иш сапарларында мектептерге барып, окуучулар менен баарлашууну адатка айланткан. Андан тышкары, спорттук мекемелерди кыдыруу да иш сапарларынын программасында дайыма камтылат. Алсак, Нарындагы иш сапарынын маалында да төрага баштаган парламенттик делегация шаардык муз тебүүчү жайына баш баккан. Ошол күнү уюштурулган жеткинчектер арасындагы таймашка күбө болушуп, жаш хоккей тайпаларынын жигердүү оюнуна жогору баасын бсришксн.

«Муз аянтында машыгып жаткан балдардын арасынан Кыргызстандын желегин ири спорттук иш-чараларда бийикке көтөрө турган чемпиондор чыгат деп ишенем. Айрыкча, жаш хоккейчилерибизди колдоп келе жаткан ата-энелерине ыраазычылык билдирем», – деген төрага коомдун саламаттыгы спорт тармагынын өнүгүшүнө көз каранды экенине токтолгон. Ошондой эле төрага ар бир тайпа мүчөсү менен сүрөткө түшүп, баарына акча каражатын тапшырган. Бул бир гана мисал, жогоруда да белгилегендей, мектептерге жана спорттук мекемелерге барган учурда куру кол барбай, дайыма жаш муундун келечеги үчүн керектүү болгон белектерин берип келет.

Кыскасы, калың элдин катарынан чыкпай, ар бир жасаган када-мын элдин жаркын келечегине арнаган азаматтар бар өлкөбүздүн келечеги кең. Буйруса саясий оюндардан алыс болуп, ишин ак ниеттик менен аткарган Дастанбек Жумабеков өңдүү жаш аткаминерлерибиз көбөйө берерине ишенимибиз чоң.

Ардакбек Каныбек уулу

Булак: “Де-Факто”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу