Камчыбек Жолдошбаев “писар” менен “писсуардын” айрымасын билбейт…

“Жириновский жана зөөкүр” деген ылакабы бар ЖК депутаты Камчыбек Жолдошбаев кезектеги шоусун баштады. Ток этээрин айтканда Жогорку Кеңештин трибунасында жарытылуу көтөргөн мыйзамы жок, Камчыке 120 депутаттын катарын толуктап келе жатат.

Баса, “АЗИЯnews” гезитине берген маегинде “— Сизди коомчулук зөөкүр мүнөз катары сыпаттап жүрүшөт. Маселен, “Ош базардан кош бойлуу аялды Камчыбек Жолдошбаев ичке тепти…” деген ызы-чуу чыкты эле го? –деген суроого “Мен керек болсо боюнда бар келиндин курсагынан өөп коём”, дептир бечара.

Мынча жакшы, боюнда бар келиндердин курсагын өөп койгону жакшы экен, “өөп” коёмун деп тээп алган бирок, көрсө тиги депутаттын тепкени өпкөнү го чиркин…Эми Камчыбек мырзанын кезектеги окуяларын окурмандарга эске салалы.

Кыргызстанга белгилүү комузчу Нурак Абдрахманов, каза болуп сөөгү жерге коюлаар астында ойнотулган траурдук маршка депутат Камчыбек Жолдошбаев менен “президент боломун” деп, тырбалаңдаган Арстанбек Алай КРнын гимни деп алганбы айтор колун төшүнө коюп туруп алган имиш. Жанына иниси Камчы басып келип “далдырабай колуңду түшүр” деп бутка тепкенин айтып жүрөт.

Дагы бир жагдай Камчыбек Жолдошбаев бир топ жыл мурда 9-май Жеңиш майрмына карата Нарын аймагындагы согуш ардагерлерин куттуктап сүйлөп жатып, “биздин региондо болгону 5-6 согуш ардагери чыгыптыр, эгерде согуш дагы 1-2 жыл уланганда, балким биздин аймактан дагы көбүрөөк ардагерлер чыкмак беле” деп, камырабай элдин боорун эзген экен.

Ушул киши азыр Жогорку Кеңеште депутатда…

Баарынан кызыгы “писар” менен “писсуардын” айырмасын билбей депутат Камчыбек Жолдошбаев эки күн тартышып утулуп калган. Көрсө депутат “писсуарды” “писар” деп ойлоп жүргөн экен да. Бул макаланы окуп алып, эл өкүлү чычалашы мүмкүн бирок чындык…

Эске сала кетсек Писсуа́р французча Pissoir деп аталып, эркектерге ылайыкталган унитаз.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу