Камчыбек Жолдошбаев зордуктаган кыздын тагдыры эмне менен аяктаган?..

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынан мандат алган Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев, учурунда кол алдында иштеген жаш кызды зордуктап, анын тагдырын талкалаган. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, анын аягы белгисиз бойдон калган.

Ошол кыз зордуктаган Камчыбек Жолдошбаев азыр Атамбаевдин бийлигинин эң күжүрмөн коргоочусу катары активдүү иш алып барууда. Ал, Жогорку Кеңештин трибунасынан экс-министр Болот Шерди көмүр кенине келип карактаган деген маалыматты айтты. Депутаттын сөзү боюнча Башкы Прокуратура Болот Шерге кылмыш козгоп, көмүр уурдаганы чынбы же жалганбы жыйынтык чыгарыш керек. Эгерде, Камчыбек Жолдошбаевдин айтканы караандай калп болсо, анда оор кылмышка айыптап, жалган билдирүү кылганы үчүн депутат Камчыбек Жолдошбаевге кылмыш жаза кодексинин 329-беренеси менен кылмыш козголушу керек.

Баса, башында сөз кылгандай Камчыбек Жолдошбаев зордуктап койгон кыздын тагдыры кандай аяктаган, билгендер барбы? Балким, акчанын күчү менен кыргыздын бир алсыз кызы тепсендиде калган чыгаар. Эгерде, бул маалыматты Камчыбек Жолдошбаевден кордук көрүп, зордукталган кыз-келиндер окуп калса, жакында “Камчыбектен коргоо комитети” түзүлүп жатат, тартынбай кабарлашсаңыздар болот.
Себеби, Камчыбек Жолдошбаев өзүнө тийешелүү “Беш Сары” соода борборунда иштеген кыздарга аңгилик кылып, ишкерлерге басым кылганы тууралуу эл арасында көп сөз айтылып жүрөт. Келгиле, замандаштар зордукчул зөөкүрлөрдөн чогуу коргонолу!

Булак: iskra.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу