Камчыбек Жолдошбаевге ыр арнашты «Эч уялбас калың бет»

Уялгың келсе, уяла турган иштер көп,
Айта берсе жетпесе керек айтор кеп.
Уялгың келсе уялгын ачка элиңден,
Көрмөксөн болуп, чымырап койбос калың бет.
Иши жок тентип, секелек жүрөт талаада,
Эр жигит болсоң, кайрыла барып көрүп өт.

Уялгың келсе, жумуш жок элиң көчөдө,
Жарыгы өчүп, кыш чилде үшүп, өксөөдө.
Уялгың келсе, жакшы сөз айтып кабар ал,
Караңгы үйдө жете албай турат бөлкөгө.
Титиреп араң, араба түртүп жан багат,
Наристе күнүн араңдан көрүп өтөөдө.

Уялсаң уял, наркыңды турса жемелеп,
Кыргыздын баркын түшүрүп кайгы себелеп.
Улуттун дили, күзгүсү болгон калпагын,
Ити да кийип кетти го аттиң тебелеп.
Ушундан уял, улутуң турат кор болуп,
Көтөрбөй башын мөгдүрөп турат чөгөлөп..

Уялам десең, уурунун карма желкелеп,
Көзүңдү артпай, жарымын мага берсе деп.
Чөнтөгү тешик, кендирди кескен кедейлик,
Калкыңдын турат айласын алып тепселеп.
Умсунуп карайт, жогору жакты тажабай.
Уяттуу чоңдор, бир карап ишти чечсе деп,

Уялба эми, жөө жалаң эркин баскандан,
Уялган эмес, улуу эл тоону ашкандан,
Кыргыздын уулу ат минип жоого бет келсе,
Миңдеген душман, бет келбей эле жазканган.
Уялсаң уял, пайдасы тийбей элине,
Бекерден бекер, айлык жеп уктап жаткандан.

Уяла турган иштер көп экен санаса,
Бирөөгө азап, бирөөгө чындап тамаша.
Уялсаң уял, жалганды коргоп жан үрөп,
Чындыктын көзүн жашырып жаап камаса.
Калтырап элиң салыка акча табалбай,
Ыйласа тиктеп, көрмөксөн болсоң тамаша.

Кыздарың турса, көзүнүн жашын көлдөтүп,
Карылар турса, токтотпой белин мөгдөтүп.
Эр жигит жүрөт иштерге жумуш таба албай,
Эртеңки күндү биле албай көңүл бөксөрүп.
Ушундан уял, кыргызың турат кор болуп,
Чырылдап чындык, арманда өтсө тепсетип.

Уялсаң уял, кыргызың арып — азганга,
Акыйкат издеп, көзүнөн жашы акканга.
Көтөртпөй башын, азгырып буттан чалганга,
Байлыгын уурдап, элине азап салганга.
Уял да оңдо катаанын барын текшерип,
Салбагын элди түгөнгүс бөөдө арманга

Кундузбү Маматова

Аргумент.kg
Жооп калтыруу