Камила Талиева: «Система өзгөрмөйүн, он премьер- министр алмашса да эч кандай өзгөрүү болбойт»

— Орун алмаштыруудан сумма өзгөрбөйт. Кимиси келсе да баягы эле экономикалык тартыштык, социалдык чечилбеген көйгөйлөр, бюджеттин тартыштыгы жана башка толгон- токой эски маселелер улана берет. Мамлекетте чоң секирик менен реформа жасоо үчүн башкаруу системанын өзүн өзгөртүү керек болот. Биринчиден, Мамлекет башчынын өлкөнү өнүктүрүү боюнча так, алысты көрө билген көз карашы, амбициялуу программасы болушу керек. Аны ишке ашырууда талыкпаган эмгек, ыкчамдык, чечкиндүүлүк, экономикалык терең билим, практикалык жактан такшалган тажрыйбасы болуусу зарыл. Бир сөз менен айтканда, элдик лидер болгондо гана реформалык өзгөрүүлөрдү жасай алат.

Бизде премьер-министр аткаруучу эле, өз алдынча чечкиндүү эч нерсе жасай албайт. Баш мыйзам боюнча так көрсөтүлгөн укуктарын колдоно да албайт. Президенттин айтканынан чыга албаган бир байкуш «кызмат» эле болуп калды. Баш мыйзамдагы укуктарын иш жүзүндө колдонгон күнү кызматтан кол жууйт. Азыркы премьер-министр да өтө ыкшоо, чечкинсиз, жок эле дегенде иштеп жаткан эски мыйзамдардын алкагында ишти уюштура албаганы даана көрүнүп калды. Жаңы Кодекстер менен иштегенге бир да мамлекеттик орган даяр эмес экени иш жүзүндө кашкайып көрүнүп турат.

Ошондуктан, система өзгөрмөйүн он премьер- министр алмашса да эч кандай өзгөрүү болбойт. Бүгүнкү күнү премьер- министрди, өкмөттү алмаштыруу менен маселе чечилип да калбайт. Президент гана чечкиндүү кадамдарга барып, өлкөнүн келечегин ары-бери чайкап, өзгөртө албаса, башка орган мамбюджеттен айлык алуу менен гана убакыт өткөрүп отура беришет. Азыркы шартта премьер-министрди алмаштыруунун зарылчылыгы жок. Референдумга баруу керек, премьер-министрдин кызматын жоюп, мамлекеттин тагдырына бир эле президент жооп берүүсү кажет.

Булак: «Жаңы Ордо»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу