Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча издөө жарыяланган Калыбек Салянов (Эльтуйбасов) АКШда качып жүрөт

“Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча козголуп, кийин токтоп калган кылмыш ишинде азыр жылыштар бар. Бирок тергөөнүн купуялуулугу үчүн азырынча кенен эч нерсе айтып бере албайм. Ал эми бул кылмыш ишинин алкагында издөө жарыяланган экс-генпрокурор Аида Салянованын агасы Калыбек Салянов (Эльтуйбасов) биздин маалыматтар боюнча АКШда качып жүрөт”, – деп билдирди бүгүн, 24-июлда КР ИИМде өтүп жаткан үстүбүздөгү жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыктары боюнча маалымат жыйынында мекеменин Криминалдык милиция кызматынын башчысы Нурбек Абдиев.

Эсиңиздерге сала кетсек, 19 жаштагы студентка Камила Дүйшөбаева 2014-жылы 10-мартта үйүнөн чыгып кетип, ошол бойдон кайрылып келбегендиктен издөө жарыяланып, 16-мартта Байтик айылына жакын жердеги мүрзөдөн жансыз денеси табылган. Ошондон бери милиция бул кылмыш ишинин бетин ачалбай келет.

Тергөөнүн алкагында Камила Дүйшөбаева 10-мартта Калыбек Салянов(Элтуйбасов) жана анын досу Осунбек Жамансариев менен саунага барганы белгилүү болгон. 16-мартта сөөгү табылып, кылмыш иши козголуп, алардын саунага барган эпизоду иликтене баштаганда Калыбек Салянов озунуп саунага келип, видеокамерадагы 10-марттагы аларды тарткан видеокадрларды өчүрүп салган. Бул факты боюнча да кылмыш иши козголгондо чет өлкөгө качып кетип кутулган.

Бүгүнкү маалымат жыйынында КР Ички иштер министри, милициянын генерал-майору К. Джунушалиев, министрдин орун басарлары, борбордук аппаратынын кызматтарынын, башкы башкармалыктарынын,  башкармалыктарынын,  окуу жайларынын, өз алдынча бөлүмдөрдүн,  Бишкек ШИИББнын, Чүй ОИИББнын башчылары катышты.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу