Камила Абдил күйөөсү Элдияр Кененсаров менен ажырашканын айтты

Ал эмне үчүн мындай кадамга барганын да түшүндүрүп берген.

«Азия MIX» КВН командасынын капитаны Элдияр Кененсаров менен жубайы Камила Абдил ажырашты. Бул тууралуу Абдил өзүнүн Instagram баракчасына жазды.

Анын айтымында, бир жыл мурда ал «чыныгы сүйүктүүсү» менен болгон мамилесин бузуу тууралуу чечим кабыл алган. Ал ошондой эле физикалык жактан да, моралдык жактан да эң оор жыл болгонун айткан.

«Кош бойлуу кезимде мен жакшы көргөн адам бардык көйгөйүм менен жалгыз таштап коюп, өзүнө маанилүү болгон «миссия» таап алды. Эки балам жарык дүйнөгө келгенде жаныбызда болгон жок. Уулумду мен өзүм бир айдан кийин алып барганда гана көрдү. Ал учурда биздин мамиледе ыйкы-тыйкы деле жок болчу. Болгону анын чыгармачылык амбициясы маанилүү болчу», — деп жазды ал.

Абдил ошондой эле күйөөсүнүн айрым юридикалык, бухгалтериялык иштерин өз мойнуна алганын белгилеген. Андан сырткары, эң жакын адамы тууралуу чындыкты билгенде уйкудан ойгондой болгонун кошумчалаган.Камила Абдил күйөөсү Элдияр Кененсаровдун баркын түшүрүп, балдардын алдында жек көрүндү кылуу колунан келмектигин, бирок мындай кадам эч кимге деле бакыт алып келбестигин жазган.

Учурда балдар апасы менен калышкан, Кененсаров Казакстанга барганда балдары аны менен болот.

Ал эми Элдияр Кененсаров үй-бүлөсү тууралуу эч кандай маалымат бербей турганын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. Ошондой эле жубайы Камиланын айткандарында бир аз чындык бар экенин айтты.

Булак: Спутник

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу