Камалуу кезеги Карашевге да жакындап келаткандай…

Башынан эле Жантөрө Сатыбалдиев мурдун чүйрүп, Сооронбай Жээнбековду теңине албагандай образда жүрчү. Былтыркы президенттик шайлоодо да артын салып койгон. Акыры быйыл ТЭЦтеги чуулганга байланыштуу Сатыбалдиевге кылмыш иши козголуп, камалып кетти… Кызыгы, Жээнбековдор менен убагында каршылашып жүргөн Аалы Карашев учурда КСДПдан депутат болуп отурат. Булардын карама-каршылыктуу мамилеси Бакиевдердин доорунан бери «таш» болуп катып калган. Учурда Аалы акеңер ачык оппозицияга өтө албайт, бирок ыңгайлуу учурду күтүп жүргөнү күбүр-шыбырга айланууда. Эске салсак, Бакиевдин айланасындагы жакын аткаминерлердин баарысы жазаланып, качканы качып, жалгыз Карашев гана 7-апрелден кийин Атамбаевдин тилин таап, көп суроолордон кутулуп кеткен. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, күч органдары тымызын түрдө Карашевдин эски иштерине кызыгып атышканы бекер эмес го? Сыягы, күздө дене-бойду калтыраткан «кезек» келет окшойт…

Булак: «Азия ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу