Камактагы Өмүрбек Текебаевдин өмүрүнө олуттуу коркунуч бар!

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Сиздин Президент болуп келгениңизге жакында бир жыл толот. Башында ишеним абдан бийик болуп, Сизден саясий туткундарга карата чараңыз адилеттүү болот деп күттүк эле. Бирок ар кайсы шылтоолор менен бул маселени көз жумду кылып койдуңуз. Биз Сизден соттордун процесстерине кийлигишсин деген талап койгон жокпуз, жана койбойбуз. Анткени, мыйзадырды сыйлайбыз жана муйзамдуулукту сактаганга өзүбүздүн салымыбызды кошуп келүүдөбүз. Биз үчүн Сиздин принципиалдуу пикириңиз керек болууда. Анткени прокуратура, соттор дагы эле эски жол менен кетип, бири-бирин колдоп, коррупциянын кучагынан чыга албай жатышат.

Биздин Сизден суранып кайрылганыбыз бир эле маселе: «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин камалганы адилетсиз, мурунку президент Атамбаев жана анын «жасакер жоокерлеринин» кылган кылмышы жана жасалма иши экенин Сиз жакшы билесиз. Сиз ошол кезде Премьер-министр болуп тургансыз. Өмүрбек Текебаев камалгандан бери коомчулук бир нече жолу Сизге кайрылуу жөнөтүп, ачык түшүндүрмө берип келет. Массалык-маалымат каражаттарында, социалдык тармактарда ачык-айкын сот процессинде мыйзам бузуулар боюнча, фальсификациялар жана Леонид Маевскийдин айткан-деген сөздөрү, көрсөтмөлөрү карандай жалган экенин далай ирет жазып чыгышты. Сиз аларды окубай, көрбөй же укпай койгон эмессиз, анткени Сиз Президентсиз, Сиздин аппаратыңыз, пресс-катчыңыз болгон мааламаттарды жеткирип турат. Андан тышкары акыркы жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушууда да бул маселе көтөрүлгөн. Биздин мамлекетте гана эмес, Эл аралык деңгээлде да Өмүрбек Текебаевдин камалышы кызуу талкууга алынып, Кыргызстандын жана Эл аралык мыйзамдарды бузуп, күчкө салып камалганы айдан-ачык белгилүү болуп калды. Өмүрбек Текебаевдин өмүрү жана тагдыры биздин элибизге, кыргыздын тарыхына, мамлекеттин өнүгүүсүнө абдан зарыл жана керек! Өмүрбек Текебаевдин Кыргызстанда, анын тарыхында, эл аралык деңгээлде да өзүнүн орду бар инсан, Сиз аны дагы абдан жакшы билесиз!

Бүгүн таңатпай «Өмүрбек Текебаев жүрөгүнөн каза болду» деген жалган маалыматтын тарашы бүтүндөй коомчулукту катуу дүрбөлөңгө салды. Бул коркунуч биринчи кезекте өлкөбүздөгү коопсуздук маселени козгоодо жана коркунуч алып келүүдө. Мындай жорук абакта жаткан Өмүрбек Текебаевдин өмүрүнө олуттуу коркунуч бар экенинин бирден-бир далили. Андыктан тез арада чара көрүлүшү керек!

Урматтуу Президент! Сизден адилеттүүлүктү күтүп, Өмүрбек Текебаевди эркиндикке чыгаруу маселесин өзүңүздүн күн тартибиңизге киргизип коюуңузду талап кылабыз!

«Ата Мекен» партиясы

Булак «Азия Ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу