Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү жыйынында “Кыргызстан” саясий партиясынан депутат Жыргалбек Калмаматовдун каза болгонуна байланыштуу Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кабыл алды.
Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Калмаматов 2-январда жүрөгү кармап каза болгон. Маркумдун сөөгү анын кичи мекени Алайдын Гүлчө айылына коюлган.
Булак: NazarNews.kg