Калича Өмүралиеванын Азиз Суракматовдо кеги барбы?

Азиз Суракматов кызыкчылыктар кагылышынан улам мэр боло албайт. Мындай пикирин “Наше право” уюмунун жетекчиси Калича Өмүралиев “Шаар мэрлерин жана шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо. Проблемалар жана аны чечүүнүн жолдору” аттуу тегерек столдо билдирди. Калича айымды эмне тынчсыздандырып жатат? “Ал курулуш компаниясынын өкүлү, бул компаниянын маселесин мэрия чечет”, — дейт Өмүралиева. Эмне болуптур? Мэр жалгыз, ал бүтүндөй мэрия эмес да. Мындай учурда элдин алдына түшүп алып суу кечпеген айыптоолор менен бирөөнү караган туура эмес. 31-июлда ТИК жалгыз Азиз Суракматовду Бишкектин мэрлигине талапкер катары каттоодон өткөрдү. Анын талапкерлигин болсо көпчүлүк коалиция сунуш кылган. Бишкектин мэрин шайлоо 8-августта өтөт. А.Суракматовду шаардык кеңештин көпчүлүк депутаттары шайлашы керек. Ал эми Калича Өмүралиева болсо Суракматовдо эстен кеткис кеги бар сыяктуу негизсиз асылганды күчөттү. Эмне үчүн ал таарынып жатат? К.Өмүралиеванын пикиринде, А.Суракматовдун курулуш компаниясы өз ишин токтотушу керек же аны ишенимдүү адамдарынын бирине өткөрүп берип, аталган компанияда туугандары да болбошу керек экен. Эми алар эмне кылышы керек, же Урицкийдин мисалында аты-жөнүн өзгөртүп алышы керекпи? Же курулуш компаниясын жаап, анда иштеген адамдарды көчөгө айдап чыгышы зарылбы? Калича үчүн ушул керекпи? Мэрлик кызматка талапкер Суракматов мамлекеттик тилден сынак тапшырып жатып башка адамдар сыяктуу ойноктобой болгонун болгондой айтты. Эгер “Наше право” уюумунун жетекчиси муну укпаса дагы бир жолу кайталап коелу. «Елизавета» компаниясын Суракматовдун атасы түптөп, ал 50 жылдан бери ушул тармакта иштеп келе жатат. Суракматов деле шаардын жерлерин бул компанияга мыйзамсыз карматып жиберүүгө батына албайт. Ошол эле кезде ал мындай кырдаалдан чыгып кете турганын айтта. “Бул коллективде 100 адам иштеп үй-бүлөсүн багып жатканын, мен аларды бир эле күндө көчөгө чыгарып кое албасымды туура түшүнгүлө. Жалаң профессионалдар иштеген бул команда боюнча шайлоодон кийин чечим кабыл алам”, — дейт Суракматов. Муну менен ал маселе чечиле турганын билдирди. Депутаттар болсо шайлоо өтө элегин айтып, Азиз Суракматов боюнча эч нерсе дей албай турганын билдирүүдө. “Бишкек шаардык кеңешинде 45 депутат бар, ал канчалык добуш алат, аны шайлоо көрсөтөт”, — дейт депутат Канатбек Музуралиев. Мүмкүн Калича Өмүралиева да шашып жаткандыр? Курулушчулар союзу чочулабай эле К.Өмүралиеванын тынчсызданып жатышында да бир сыр бардай. Кырдаалды билгендер болсо жаңы мэрди башкы план баш болгон шаар куруу боюнча документтер күтүп турганын белгилөөдө. Мындай документтер сөзсүз коомдук талкууларга чыгат. Андыктан кызыкчылыктар кагылышы, өз курулуш компаниясын түртө салууга коомчулук да жол бербейт. Адистер болсо конкреттүү курулуш компанияларынын ортосунда преференция сакталарын билдирүүдө. Бир эле мэрдин курулуш компаниясынын кызыкчылыгы ишке ашат деген да суу кечпеген айыптоо. “Эмне үчүн мындай негативдүү пикирлер? Иш жүзүндө баары тескерисинче болушу мүмкүн. Мэр куруучу, курулуштун бардык сырларын билет. Жерди кантип бөлүштүрүү, Башкы планды сактоо, ар кандай долбоорлорду ишке ашырууда элге жага турган пикирди табуу шаардын гүлдөп өнүгүшү үчүн маанилүү”, — дейт Кыргызстандын курулушчулар союзу. Кыскасы, эч нерсе боло электе эле чуу чыгарып, кыйкырган туура эмес. Кыргызстандын курулушчулар союзу да конкурстардын ачык жана тең укукта өтүшүн көзөмөлгө алат. Анын үстүнө А.Суракматов Бишкектин башкы планын өнүктүрүүнү да демилгелеп жатат. Андыктан бардык курулуш иштери башкы пландын негизинде жүрөт.

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу