Калифорниядагы өрт курмандыктары 83 кишиге жетти

Шаршембинин кечинде жергиликтүү шерифтин билдиргенине караганда, белгисиз болуп жаткан 560тан ашуун адам изделүүдө. Тилсиз жоо негизинен Калифорниянын Парадайз шаарын каптаган.

Акыркы маалымат боюнча Калифорниядагы өрт өчтү. Ага күн сууктап, нөшөрлөп жааган жамгыр жардам берди. Бирок туруксуз аба ырайы куткаруучуларды да, жергиликтүүлөрдү да жүдөтүп жатат. Нөшөр курман болгондордун сөөгүн, дайынсыз кеткендерди издөөнү татаалдаштырууда.

Парадайз шаарындагы турак жайсыз калып, убактылуу чатырларда баш калкалап жаткан бир нече миң киши үчүн да алоолонгон өрттөн кийинки жамгыр кошумча сыноо болду. Кеминде бир жума аба ырайы ушундай болору болжолдонууда. Куткаруучулар мындан улам сел каптап, жер көчкү жүрүшү ыктымал деп да кооптонуп жатышат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу