Калиев Осмонбек Артыкбаев менен беттештирүүнү талап кылууда

“Улуттук энергохолдинг” компаниясынын мурдагы төрагасы, ЖЭБ чыры боюнча УКМКнын тергөө абагында жаткан Айбек Калиевди, Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев менен беттештирүүнү жактоочу сунуш кылууда. Бул тууралуу Калиевдин жактоочусу Бактыбек Жумашев өзүнүн социалдык түйүндөгү баракчасына жазды.

Жактоочу билдиргендей, ЖЭБди жаңылоо боюнча демилгечи жалгыз Калиев болгон эмес. Анын колуна түшкөн документтерге ылайык, бул демилге Артыкбаевге таандык. Өз сөздөрүн бекемдөө үчүн жактоочу бир нече учурларга токтолгон.

Кызматтык катта көрсөтүлгөндөй, ЖЭБди жаңылоо боюнча тапшырма ошол кездеги энергетика министри Артыкбаевдин атына жиберилген.

“2013—жылы 28-май күнү Энергетика жана өнөр жай министрлигинде жыйын өткөн. Протоколго караганда ал жыйынды Осмонбек Артыкбаев өзү өткөргөн, буну анын өзүнүн кол тамгасы далилдейт. Ал учурда Калиев жөн гана жыйынга катышкан”, — деп айтылат жактоочунун далилдеринин бири.

Ал эми 2013-жылдын 30-май күнү Артыкбаев ошол учурдагы президент Атамбаевге ЖЭБди жаңылоого Кытай компанияларынан жалгыз ТВЕА компаниясы ылайыктуу экенин билдирген кат жибергени айтылат.

2013-жылы 5-июлда Энергетика жана өнөр жай министрлигинде ТВЕАнын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөн. Бул жолугушууну Артыкбаев өзү жетектеген. Ал эми Калиев анын орун басары катары жолугушууга катышкан.

2013—жылы 11-июлда мекемелер аралык комиссия Артыкбаевдин кол тамгасы менен ЖЭБди жаңылоо боюнча “Электр станциялары” ишканасы жана ТВЕА ортосундагы түзулгөн келишимди канаттандырат. Ал эми 6-сентябрь күнү Артыкбаев ошол учурдагы биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевге келишимге көңүл буруу өтүнүчү менен кат жиберет.

Мына ушул жана башка жагдайлардан улам жактоочу ЖЭБди жаңылоо боюнча демилгеге көбүрөөк Артыкбаев кызыкдар болгон деп шек саноодо.

“Бул жерде бардык документтерде Артыкбаевдин колу турат. Ал эми жоопко тартылып жаткан анын орун басары болуп жатканы мени таң калтырууда. Ал эми бардык жумуштарды өзү жүргүзгөн чиновник акырына келгенде күбө болуп калышы таң калыштуу”, — деп жазган Жумашев.  

БУЛАК:lenta312.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу