Калиевдин «калласи» ордундабы өзү?

Бизде деле адам түшүнбөгөн кызматтар көп. Алар эмне иш менен алек болоорун эмес, ал жерде ким иштээрин, эмне иштер менен алек болоорун деле билбейсиң. Элге кандай жардам берет деген тема боюнча атпай эле коелу.

Маселен, өкмөткө караштуу милдеттүү мединициналык камсыздандыруу деген фонд бар. Ал эмне болгон фонд, медицина боюнча кимдерди камсыз кылаарын билип, элге жеткирели деген максатыбыз таш капты. Айтылган максатыбызды артынып алып, аталган фонддун жетекчиси Калиев Марат Темирбекович деген немеге байланышсак эки ооз кыргызча билбеген «киргиз» берген суроолорубузга жооп бермек түгүл, «Силер кимсиңер мага суроо бергидей?» деп омуроолосо болобу.

Балким, аталган фонддон алкымын абыдан майлап аткандыр. Айтор, кишини тоготпой дөөгүрсүгөнүнө караганда «кызганган» бир нерсеси бардай. Журналисттерге ушундай мамиле кылган бул эргул карапайым адамдарга кандай мамиле кылат болду экен?

Булак: Де-Факто

Аргумент.kg
Жооп калтыруу