Какачтан кутулуунун жөнөкөй жолу…

Көптөгөн кадимки шампундар адатта убактылуу жеңилдик гана берет.

Какач-бул теринин алсыздыгынан пайда болгон баш теринин жабыркашы. Какачтын себептери түшүнүксүз. Кээде жугуштуу оору деген гипотеза бар деп каралат, бирок бул азырынча далилдене элек. Какачтын көбөйүсүнө таасир берген факторлорго туура тамактанбоо, А жана В витаминдеринин жоктугу, ашказан, ичеги ооруларынын күчөп кетүүсү, нейропсихиатриялык бузулуулар, чач күтүмүнүн бузулушу кирет. Кургак тери кабаты оңой бөлүнөт, чачты кирдетип, тери агарат. Кээде тери кабаты саргыч түстө болушу мүмкүн, алар бири-бирине жабышып, башта тура берет, «алынбайт». Көптөгөн шампундар, аталган маселеге каршы куралдар катары жарнамаланат, бирок убактылуу гана жеңилдик берет, ошону менен катар алардын көп колдонуу терини бузуп, тынчыңызды да алуусу мүмкүн.

Элдик медицинасынада төмөндөгүдөй ыкмалар колдонулат:

1: Алое жалбырагын жууп, ичиндеги ширесин сыгып алыңыз. 150 мл ширеге 250 г бал жана 350 г кагор кошуп, акырын аралаштырасыз жана муздаткычка салыңыз. Тамактын алдында 30 мүнөт бою күнүнө үч жолу 1 аш кашыктан ичиңиз.

2: Корица, кадимки рябина, малинаны бирдей бөлүк алып. 2 аш кашык кайнагван суудан 2 чыны куюңуз, кайнаган суу ваннасында 30 мүнөт кармаңыз. Бөлмө температурасында 10 мүнөт бою муздатыңыз. Сүзүп алып, жемиштерди сыгып, 2 чай кашык бал кошуңуз. Витамин суусундугу катары күнүнө 2-3 жолу ½ чыны ичиңиз.

3:Деңиз майы менен балдын тунмасын бирге аралаштырып, чачтын түбүнө сүйкөңүз.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу